Перейти на новый сайт

Боксчу Эркин Адылбек уулу: «Олимпиада чемпиону болгум келет!»

Боксчу Эркин Адылбек уулу: «Олимпиада чемпиону болгум келет!»

Кыргыз Республикасынын Улуттук  олимпиада  комитети   менен  түзүлгөн  кызматташтык  алкагында, MegaCom  компаниясы окурмандарды   бир айдан кийин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган  Олимпиадалык оюндарга катыша турган ата мекендик спортчулар менен  тааныштырууну улантат. Кытайдагы лицензиялык таймашта ата мекендик боксчулар тобунун ичинен бир гана боксчу Бразилиядагы өтүүчү Олимпиадага жолдомону утуп алды. Капилеттен болбогон  кокустуктар, мелдешке болгон даярдык жана  машыгуулары тууралуу 81кг чейинки категориядагы жаш боксчу, олимпиадалык оюндардан көптү үмүттөндүргөн Эркин Адылбек уулу менен болгон маекте.

 

Мен Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөм. Союз жоюлуп, атам жумушсуз калып, биз үй-бүлөбүз менен Бишкек шаарына көчкөндө мен 6 жашта элем. Оңдой берди болду көрүнөт, ата-энемдин бул жакта иштери жакшы  болду. Мен ал кезде спорт менен деле өтө машыкчу эмесмин. Ата-энем менин өспүрүм курактагы энергиямды туура багытка бурууну чечишкен көрүнөт. Бул өзүмө да  жакты.

Кайсы убактан тарта спорт менен чындап машыга баштадыңыз?

Чынын айтсам, спорт менен кокустан эле машыга баштагам, мага чынында эмне керек экендиги тууралуу так түшүнүгүм жок болчу. Тхэквондо, каратэ, эрежесиз мушташ, андан кийин тай боксу сыяктуу спорттун түрлөрү  менен машыгып көрдүм. Алгач жөн гана кызыгуу иретинде катыша баштасам, андан соң шаар, андан кийин Чүй облусу боюнча жеңишке жетишип, бара-бара республика чемпиону болдум. Ал жактан мага кол менен иштөө техникасын колдонууга кеңеш беришти. Мени Данияр Жусубалиевдин  10-кичирайондогу жайгашкан машыгуу залына жөнөтүштү. Мурдагыдан да көңүл коюп машыга баштадым. Күндөрдүн биринде үйдөгү шыпты карап жатып:«Мен Олимпиада чемпиону болгум келет!»,- деп максат койдум. Ар дайым максатымды көз алдымда элестетип өзүмдү шыктандырып келем. Машыктыруучуларым ар бир кыймыл-аракетимди көз жаздымда калтырбай келишет, жетишпей жаткан жерлерди ошол замат оңдойбуз.          

Сенин кумириң ким? – деп суроонун кажети барбы? Ал Тайсон болсо керек ээ?

Мен үчүн жашоодогу кумирим- апам, ал мени ар дайым шыктандырып турат, жардам берүүгө аракет кылат. Ал эми бокс боюнча алсак, ооба мага Тайсон жагат. Оор балалыкка туш келгенине карабастан жашоосун уламышка айландыра алгандыгы өзгөчө урматтоону жаратат. Мен ага окшош болгум келчү. Убакыт өткөн сайын чеберчилигиң артып, ар кандай деңгээлдеги спортчулар, түрдүү адамдар менен жолугушуп, өз күчүңдү туура багытта колдонуу менен көп нерсеге жетишүүгө боло тургандыгына ынанасың.

Спортто эң маанилүү эмне?

Бир орунда турбаш керек. Кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болбой койбойт, бирок баарын жеңүүгө болот. Жеңилүү дагы болот – бирок алар сенин алсыз экениңди далилдебейт. Жеңилүү -« каталардын үстүндө иштөөнүн» өбөлгөсү. Спорттун кайсы гана түрү болбосун талыкпаган эмгекти талап кылат.Чеберчилигиңди жогорулатып туруу  спортто да, жашоодо зор мааниге ээ.

Боло турган оюндарга даярдык кандай жүрүп жатат?

Күнүнө 2 жолу: эртең мененкисин  жана  кечкисин машыгып жатабыз. Жакында Кытайда «Ачык Кытай» турнири өтөт. Бул таймаш биз үчүн  маанилүү, анткени ал биздин мелдеш алдындагы сезимдерибизди курчутууга жардам берет. Машыгуудагы ыкмаларды колдонуп, ал жактан 2-3 жакшы таймаш өткөрүшүм керек. Ал жактан келгенден кийин Ысык-Көлгө финалдык чогулууга барабыз.       

Допинг тууралуу актуалдуу суроо: мындай заттарды колдонууга кандай көз караштасыз?

Чынын айтсам, мен витаминдерди ичпейм. Бул темадан алысмын, өзүмдүн күчүмө гана ишенем. Азыркы учурдагы башкы максатым- Олимпиадалык оюндардын катышуучусу гана болбостон, байгелүү орунга ээ болуу.

Жеңишиңизди кимге арнайсыз?

Жеңишимди  спорттон өзүн табууга аракет кылгандарга, элиме, досторума, туугандарыма жана  замандаштарыма арнагым келет. Менин кылганымдын баары- жаштар үчүн. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ата-энеме, досторума жана мага ишенген адамдарга, спортту колдогондугу  жана сапаттуу байланышы  үчүн MegaCom компаниясына, машыктыруучуларым Данияр Жусубалиевге, Акыйкат Абаевге, Юрий Гаввеге, Айбек Абдымомуновго жана ошондой эле Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Адылбек Бекболотовго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Акыркы убактарда мени көчөдөн көргөндөр, мага ийгилик каалай башташты. Өзүмө артылган ишеничти актаганга болгон күчүмдү жумшамакчымын.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы