Перейти на новый сайт
MegaCom – II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү

MegaCom – II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү

 

500 миллиондук аудиторияга көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болгон дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинин Жалпыга Маалымат Кызматынын өкүлдөрүнүн, дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинин спортчуларынын, миңдеген коноктордун: өкмөттөр жана мамлекеттер башчыларынын, илим жана маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн, этноспорт боюнча таңкалдыруучу көрүнүштөрдү жактырган көрөрмандардын, Кыргызстандын берметинин жээгинде өтө турган Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюнуна келээрине 64 күн калды. MegaCom компаниясы 2016-жылдын сентябр айынын 3нөн 8не чейин Ысык-Көл жээгинде өтө турган укмуштуу иш чаранын башкы демөөрчүсү экендиги тууралуу сыймыктануу менен билдирет. Быйылкы жыл спорттун 23 түрү боюнча кызыктуу элдин назарын өзүнө бурган мелдештер, маданий-массалык иш чаралар, кечки концерттер, дүйнө өлкөлөрүнүн этникалык оюндары жана элдик өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолот.

Бул өтө турган өзгөчө маданий иш чараны уюштурууга MegaCom компаниясы ар тараптуу жардамын көрсөтүп келет. Техникалык адистер тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү максатында жаңы базалык станцияларды куруу иштери аткарылууда, бул өз учурунда Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюнуна келе турган катышуучуларды жана көп сандагы конокторду мобилдик байланыш кызматтары менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Мындан тышкары өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик байланыш оператору - MegaCom компаниясы иш чаранын баардык катышуучуларына жана конокторуна жагымдуу белектерди сунуштайт - брендделген коллекцияда чыккан SIM-карталарды жана өзгөчө сунуш - Nomad опциясын, бул опция MegaCom түйүн ичинде жана көп чалуулар аткарылган эл аралык багыттар боюнча үнөмдүү байланышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, MegaCom компаниясы, боло турган оюндардын алкагындагы сынактык жана чечүүчү иш чараларды туруктуу байланыш менен камсыз кылууга жооптуу жана иш чараны уюштуруучулар тобун мобилдик байланышынын расмий провайдери.   

«MegaCom бул эбегейсиз мааниге ээ болгон окуянын катышуучусу экенине кубанычта болгонун билдирет. Дүйнө жүзүнүн көчмөн элдеринин каада салттарын, үрп адаттарын, маданий жана тарыхый баалуулуктарын сактоого жана жандандырууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнун өткөрүүгө өлкөбүздүн мобилдик оператору катары экинчи жолу көмөк көрсөтүп келебиз. Бул иш чара көчмөн цивилизациясынын тиричилигин жана маданий баалуулуктарын дүйнө жүзүнө таанытат. Өзгөчө мааниге ээ болгон окуяларга жана иш чараларга колдоо көрсөтүү менен биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп келебиз», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Биринчи жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну бул Олимпиаданын өзгөчө аналогу деп айтууга болот. Ал оюндарга дүйнөнүн 19 мамлекетинин: Азербайжан, Австрия, Ооганстан, Белоруссия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция жана Түштүк Кореянын спортчулары катышкан. 2016-жылы өтө турган иш чара көрөрмандардын назарын өзүнө бурган жана масштабдуу болоору күтүлүүдө.  

MegaCom – түрктилдүү өлкөлөрдүн маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы