Перейти на новый сайт

Более 90 сел обеспечены качественной связью MegaCom

MegaCom сапаттуу байланышы дагы 90дон ашык айылда пайда болду

 

Өлкөбүздүн калк жайгашкан аймагын мобилдик байланыш менен каптоо боюнча лидер, MegaCom компаниясы, Кыргызстандын бардык аймактарында түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын мыктылоо иштерин улантууда.

Маселен, өткөн айдын ичинде Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу жана Бар-Булак айылдарында жана Баткен облусунун Көк-Таш айылында заманбап базалык станциялары орнотулуп, MegaCom мобилдик байланышы пайда болду. Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда жана Чүй облусунун Кемин жана Панфилов райондорунда түйүндү кеңейтүү иштеринин алкагында жаңы базалык станциялар орнотулуп, аталган аймактарда байланыш сигналынын сапаты бир кыйла жогорулаган. Аракеттеги базалык станцияларды жаңыртуу жана жаңы базалык станцияларды орнотуу иштеринин натыйжасында, эми өлкөбүздүн 60дан ашуун айылдарынын тургундары да 3,75G стандартындагы жогорку сапаттагы интернеттен пайдалана алышат:

Жалал-Абад облусу: Курулуш, Жаңы-Дыйкан, Камыш-Башы, Садда, Орто-Токой, Өрүктү, Өрүктү-Сай, Чолок-Тума, Падек, Сейит-Казы, Кызыл-Октябрь, Кара-Жагыч, Жараке, Кызыл-Ата, Кашка-Суу, Кызыл-Токой, Жаңы-Акма, Кайырма, Колот, Айры-Там, Биринчи Май айылдары;

Ысык-Көл облусу: Кара-Талаа, Кара-Коо, Беловодское, Фрунзенское, Кереге-Таш, Жон-Булак, Жалгыз-Өрүк, Липенка, Ан-Остен, Кабак, Чырак, Оргочор, Подгорное, Светлая Поляна, Боз-Бешик, Богатыровка, Кытай, Ак-Дөбө, Балбай, Ак-Булуң, Зындан, Кызыл-Кыя, Эшперов, Октябрь айылдары;

Ош облусу: Жаңы-Таш, Тоготой, Жаңы-Айыл, Кара-Дыйкан, Гүлистан, Кызыл-Тейит, Фрунзе, Баш-Булак, Гүлистан, Кызыл-Тейит айылдары;

Талас облусу: Маданият, Урмарал, Кыргызстан айылдары;

Баткен облусу: Борбордук, Кызыл-Жол айылдары.

Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынын 8 шаарында, 26 кичи жана ири калктуу конуштарында 3,75G байланыш түйүнүн кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, аталган аймактарда MegaCom мобилдик интернетинин ылдамдыгы бир кыйла жогорулаган, алардын ичинде:

Чүй облусу: Бишкек, Шопоков, Кант, Токмок шаарлары, Мраморное, Рассвет,  Военно-Антоновка, Жал, Калтар, Плодовое, Шалта, Люксембург айылдары;

Жалал-Абад облусу: Жаңы-Жер, Найман айылдары;

Ош облусу: Ош, Ноокат шаарлары жана Кара-Суу айылы;

Баткен облусу: Айдаркен шаарчасы;

Талас облусу: Талас шаары, Ак-Жар, Аманбаево, Кара-Сай, Баласары, Покровка, Чоң-Капка, Шекер, Кум-Арык, Бакай-Ата айылдары;

Ысык-Көл облусу: Каракол шаары, Кара-Ой, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Баетовка, Ичке-Булуң айылдары.

Бүгүнкү күндө, MegaCom түйүнүнүн ишенимдүү кабыл алуу аймагында өлкөбүздүн 98 пайызынан ашуун калкы жашайт. Түйүндүн каптоо аймагы жөнүндө маалыматты онлайн режиминде Интерактивдүү картасы аркылуу көрүүгө мүмкүн. Бул жерден жакынкы базалык станциялардын сигналынын деңгээлин жана 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G каптоосу жөнүндө маалыматты көрүүгө болот.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы