Перейти на новый сайт

MegaCom 2G/3,75G/4G түйүндөрүн активдүү өнүктүрүүдө

MegaCom 2G/3,75G/4G түйүндөрүн активдүү өнүктүрүүдө

 

Кыргызстандын аймагын каптоо боюнча лидер, MegaCom компаниясы өлкөнүн бардык аймактарындагы түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын мыктылоо иштерин үзгүлтүксүз улантып келет. Эми Чүй облусунун Ново-Покровка айылынын тургундары 4G байланыш түйүнүнүн артыкчылыктарын баамдай алышат. Жогорку ылдамдыктагы 4G технологиясын өнүктүрүү менен бирге компания үчүн өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы мобилдик байланыштын сапатын жакшыртуу өзгөчө маанилүү.

2016-жылдын апрелинде MegaCom мобилдик байланышы Жалал-Абад облусунун Канжыга айылында алгачкы жолу пайда болду. Алдын ала пландаштырылган мобилдик оператордун түйүнүн жаңыртуу иштеринин натыйжасында, төмөндөгү калктуу конуштарда байланыш сапаты жогорулаган: Баткен облусунун Чаувай шаарчасы, Чаувай, Кек-Талаа, Бешкент, Карл Маркс атындагы, Кайрагач, Эски – Оочу айылдарында жана Бишкек шаарында, Чүй облусунун Виноградное жана Кайырма айылдарында.

Жаңы курулган жана ишке киргизилген жаңы базалык станциялардын пайда болушу Ош облусунун 12 айылынын тургундарына 3,75G стандартындагы жогорку сапаттагы интернеттен пайдаланууну шарттайт: Жыланды, Жазы, Красный Маяк, Прогресс, Ак-Колот, Жаңы-Турмуш, Жар-Ооз, Садырбай, Ана-Кызыл, Кеңеш, Кызыл-Кырман жана Кыймыл айылдары.

Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас жана Нарын облустарынын 5 шаарын, 19 кичи жана ири калктуу конуштарын 3,75G стандартындагы байланыш түйүнү менен каптоонун натыйжасында MegaCom мобилдик интернетинин ылдамдыгы аталган аймактарда бир кыйла жогорулаган, алардын ичинде:

Чүй облусу: Бишкек ш., Жаңы-Жер, Ат-Башы, Константиновка, Ленинское, Панфилов атындагы, Национальное, Төрт-Көл, Түз, Чат-Көл, Ивановка айылдары

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш., Акбаш, Бостон, Таштак айылдары

Ош облусу: Ош ш., Жоош, Октябрь, Чагыр айылдары

Баткен облусу: Айдаркен шаарчасы, Кичи-Айдаркан айылы

Талас облусу: Талас ш., Кызыл-Адыр айылы

Нарын облусу: Нарын шаары.

 

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператор!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы