Перейти на новый сайт

MegaCom: Дүйнө жүзүндө маалыматтык коом жана электр байланыш күнү белгиленди

MegaCom:  Дүйнө  жүзүндө  маалыматтык коом жана электр байланыш  күнү белгиленди

MegaCom 4G-оператору да дүйнө жүзүндө белгиленүүчү маалыматтык коом жана электр байланыш күнүн белгиледи. Бул күн бардык программа жазуучулардын, системалык администраторлордун, интернет-провайдерлердин, веб-дизайнерлердин, интернет-басылмалардын редакторлорунун, жана да маалымат технологиялар чөйрөсүндө  эмгектенген адистердин кесиптик майрамы десек жаңылышпайбыз. Майрамдын негизги максаты – маалымат коммуникациялык технологияларын жана интернетти пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жалпы коомчулукка маалымдоонун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүү.

Эске сала кетсек, 2013-жылы MegaCom компаниясы өлкөбүздүн 143 мектебинде 1000 компьютердик комплектини жана интернет түйүнүнө кошулуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган USB-модемдерди орнотуу менен Кыргызстандын алыскы мектептери ортосундагы “санариптик аралыкты” азайтууга багытталган "Mega Билим” масштабдуу билим берүү долбоорун аяктады. Мобилдик оператор, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде өлкөдөгү телекоммуникациялык өнүгүүгө дайым салым кошуп келет. 2011-жылдан тарта Кыргызстандын уюлдук операторлору арасындагы БУУ алдындагы Эл аралык электр байланыш уюмунун бирден-бир мүчөсү, MegaCom компаниясы, Кыргызстандын телекоммуникация жаатын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин демилгелерине эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүп, эл аралык коомдоштуктун алдында КРдин беделин көтөрүүгө жана КРдеги байланыш технологияларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда.   

Өлкө аймагын мобилдик түйүн менен каптоо боюнча көч башында келе жаткан MegaCom компаниясы сапаттуу, заманбап жана жеткиликтүү байланыш кызматтарын сунуштоо менен, замандаштарыбзга  убакытты башкаруу жана мобилдүү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап, 4G LTE сыяктуу заманбап технологияны  жана жаңы байланыш стандарттарын ишке киргизүүдө.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы