Апаңызды MegaCom менен бирге куттуктаңыз
Эне...Бул сөз ар бирибизге ыйык сезимдерди эске салып турат.Төртүнчү жыл катары менен май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары белгиленип келет. Учурдан пайдаланып, эң жакын, эң назик , эң сүйүктүү адамыңызга -апаңызга ал үчүн маанилүү болгон сөздөрдү арнаңыз. Апаңызга сиз менен , жакындары менен, достору жана кесиптештери менен дайыма байланышта болуп туруу мүмкүнчүлүгүн тартуулаңыз. Сизге MegaComдун «Мобилдик которуу» кызматы жардамга келет.
«Мобилдик которуу» - MegaCom түйүнүнүн ичинде өз эсебиңизден жакындарыңыздын эсебине суткасына 800 сомго чейин акча каражатын которуу мүмкүнчүлүгү. *550*1*алуучунун номуру*которулуучу сумма# чакыруу буйруусун терүү жетиштүү. Жарым сааттын ичинде бир жолку которуу менен 30сомдон 300 сомго чейин которууга болот. Жакын адамыңыздын балансын толуктоо үчүн өздүк эсебиңизде 100 сомдон кем болбогон каражаттын болуусу шарт. Кызмат менен суткасына 5 тен ашпаган жолу колдонууга болот.
Кызмат көрсөтүү шарттары менен *5500 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) кыска номуру аркылуу таанышууга болот.
MegaCom менен бирге апаңызга баарлашуу кубанычын тартуулаңыз.