Перейти на новый сайт
Улан Баялиев: «MegaComдо   жетекчи  болууга  жетише  алдым»

Улан Баялиев: «MegaComдо   жетекчи  болууга  жетише  алдым»

MegaCom  компаниясынын пайдубалы түптөлгөндөн тарта үзүрлүү эмгектенип, анын  өнүгүшүнө баалуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер тууралуу маалымат бере кетүү максатында,  «10 жыл бирге!» корпоративдик  долбоору ишке ашырылып келүүдө.

Мындан 10 жыл  мурда компанияга жөнөкөй эле айдоочу болуп жумушка кирген бүгүнкү  каарманыбыз Улан Баялиев азыркы учурда компаниянын транспорт жана административдик -чарбалык  ишмердиги боюнча бөлүмүн жетектеп келет. MegaComдо эмгектенүү кеңири мүмкүнчүлүктөрүн ачып жана кесипкөйлүк сапаттарын калыптандырганын  баса белгилеген кесиптешибиз төмөндөгүлөрдү баяндай кетти.

MegaComдогу  карьераңыз эмнеден башталды?

10 жыл мурда компанияга айдоочу болуп жумушка орношкон болсом, азыр транспорт жана административдик -чарбалык  ишмердик боюнча бөлүмдүн  жетекчисимин.

Компанияда иштөө Сизге эмне бере алды?

10 жылдын ичинде баалуу тажрыйбага, кесиптик көндүмдөргө ээ болдум.  Мунун бардыгы мага зор пайдасын тийгизди. Натыйжалуу иштеп жана мыкты жетекчи болуу үчүн зарыл болгон тажрыйба топтодум.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштөөнү жана өнүгүп-өсүүнү каалайсыз?

Менимче,  MegaComдо гана талыкпаган эмгегиң аркылуу жөнөкөй айдоочудан бүтүндөй бир бөлүмдүн жетекчилигине чейинки деңгээлге жетүүгө болот. Бул жерде сенин эмгегиң, жалпы  ишке кошкон салымың татыктуу бааланат.

Күн сайын жумушка келүүгө Сизди эмне шыктандырат?

Күн сайын жумушка ырахаттануу сезими менен келем. Себеби сүйүктүү жамаатың, жаңы, кызыктуу милдеттер күтуп турат. Аларды чечүү үчүн техникалык камсыздоо жана жагымдуу шарттар түзүлгөн.

Иш күнүңүз эмнеден башталат жана кандайча аяктайт?

Кыскача айтсам, ар бир жетекчи иш күнүн пландаштырат, көйгөйлөр менен таанышат, урунттуу учурларга өзгөчө басым жасайт. Ал эми иш күнүнүн соңунда жасалган иштер тууралуу баяндамаларды угуп, учурда жана жакын арада, жана да кийинчерээк аткарылчу милдеттерин аныктайт.

Эгерде Сизде компаниянын кайсы бир бөлүмүндө/департаментинде убактылуу иштеп туруу мүмкүнчүлүгү жаралса, өз күчүңүздү кайсы багытта сынап көрөт элеңиз? 

10 жыл ичинде өзүмдү бир нече багыт боюнча сынап көрдүм. Келишимдер боюнча адис, бажы тариздөөсү, транспорт бөлүмдөрүнүн  адиси да болуп эмгектендим. Башка бөлүмдө иштөө тууралуу ой деле жаралган жок.

MegaComго жаңыдан жумушка кирип жаткан кесиптештериңизге кеп-кеңешиңиз?

Урматтуу жаныдан жумушка орношкон кесиптештерим,

башкысы – өз ишиңиздерди сапаттуу аткарыңыздар, ошондо гана биздин   «паровозубузду» алдыга жылдырганга  жардам  берген «бурама» боло  аласыз. Эгерде Сиз бир жерден такалып калсаңыз - «тажрыйбалуу чоң дөңгөлөктөр» кайсы багытта жол тартуу керек экендигин айтып турушат.

Компанияны мүнөздөгөн 3 сөз

Кесипкөйлүк, ийкемдүүлүк жана туруктуулук.

10 жылдыгына карата  MegaComго каалооңуз

Компаниянын негизин анын кызматкерлери түзгөндүктөн, жумуштагы өз ара түшүнүшүүнү жана компаниянын өнүгүүсүн каалайм. Биз бир бүтүндүктү түзөбүз, ар бирибиздин ийгилигибиз- MegaComдун ийгилиги.

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы