Перейти на новый сайт
MegaCom ишенимдүү жана активдүү абоненттерине белектерди тапшырды

MegaCom ишенимдүү жана активдүү абоненттерине белектерди тапшырды

 

MegaCom компаниясы 10 жылдык мааракесине карата  эң ишенимдүү жана жигердүү  абоненттерине ыраазычылык билдирди. Мега-баарлашуу боюнча алдына адам салбаган, өлкөнүн ар  аймагындагы MegaCom абоненттери «Берилгендик»,  “Алтын”, “Үн”, "SMS”, “Интернет”, “Роуминг” номинациялары боюнча  “Алтын” категориясындагы номурларын акысыз алуу сертификаттарын, фирмалык азем белектерин жана 10 миң акысыз мүнөт, мобилдик интернеттин 10 миң акысыз мегабайтын жана ушундай эле  сандагы SMSти белекке алышты.

Чакырылган абоненттердин  таң  калгандыгын айтуунун кажети жоктур. Өз кубанычын жашырбай, жагымдуу таасирлери менен бөлүшүп жатышты: «Мага MegaCom компаниясынан чалып, мени майрамга чакырганда ишенген жокмун. Компаниянын кеңсесинде  мени меймандостук менен тосуп алышып, белектерди тартуулап жатышты.  Мыкты байланыш жана күтүлбөгөн белеги үчүн MegaComго ыраазычылыгымды билдирем!», -  деп өз сезимдери менен бөлүшө кетти, 33 миңден ашык  SMS жөнөткөн караколдук Чынара Асаналиева.

«10 жылдан бери MegaCom  абонентимин жана  тандоом үчүн бир да жолу өкүнгөн жокмун. Компания тынымсыз өнүгүү жолунда, жаңы ыңгайлуу тарифтерди жана кызматтарды сунуштап келет. Ушуну менен эле токтоп калбай дагы жаңы жетишкендиктерге жетише беришиңиздерге тилектешмин.Байланыш чөйрөсүндө ар дайым алдыда болуңуздар!» - деп сөз учугун улады, MegaCom  SIM-картасы менен 2006-жылдан тарта пайдаланып келе жаткан  Руслан Бурунгулов, Чүй облусунун тургуну.

Мобилдик оператор абоненттери үчүн  акцияларды, конкурстарды өткөрүп, жагымдуу бонустарды тартуулоо менен аларга кубаныч тартуулап келет. MegaCom жаңылыктары менен FacebookInstagramTwitter жана  Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын  расмий баракчалары  же   #MegaComKg хештеги аркылуу таанышууга болот.  Мега-окуялардын борборунда болунуз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы