Перейти на новый сайт
MegaCom «SMS2Facebook жана Facebook2SMS» кызматы аркылуу досторуңдун жаңылыктарынан четте калба

MegaCom «SMS2Facebook жана Facebook2SMS» кызматы аркылуу досторуңдун жаңылыктарынан четте калба


Дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү социалдык түйүндөрдүн катарын толуктаган Facebook мындан 12 жыл мурда уюшулган. Facebook түйүнгө катталгандар үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүк тартуулап, ар бир колдонуучу өзүнүн досторунун катышуусу менен жеке видео жарата алды.

Аталган социалдык түйүндү колдонгондор үчүн MegaCom «SMS2Facebook жана Facebook2SMS» ыңгайлуу кызматын сунушайт. Анын жардамы менен MegaCom абоненти жана Facebook колдонуучусу кыска билдирүүлөр менен алмаша алат. Болгону өз мобилдик телефонуңуздан 32665 кыска номуруна «f» же «fb» тексти менен SMS жөнөтүңүз. Андан соң нускамаларга ылайык аракеттениңиз. Эми, Сиз үчүн төмөндөгүлөр жеткиликтүү:
* башка колдонуучулар менен билдирүү алмашуу;
* достордун аккаунтундагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу кабарлама алып туруу;
* өз статусун жаңылоо;
* башка колдонуучулардын статустары, сүрөттөрү жана шилтемелери боюнча өз оюн билдирүү (түшүндүрмө берүү);
* тааныштарын жана жаңы досторун кошуу.

Интернетке жетки жок болгон учурда да, кызмат аркылуу дайыма байланышта болсоңуз болот. Кошууну жана абоненттик төлөмдү талап кылбайт, ал эми Facebook социалдык түйүнүндөгү билдирүүлөрдүн SMS-жообу MegaCom түйүнүндөгү чыккан SMS билдирүүлөр сыяктуу (сиздин тарифтик планыңызга жараша) тарифтелет. Кызмат бардык тарифтик пландардын абоненттери үчүн каралган.

MegaCom «SMS2Facebook жана Facebook2SMS» кызматы менен ар дайым байланышта жана жаңылыктардын чордонунда болуңуз.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы