Перейти на новый сайт

1- февралда SIM-карталарды каттоо мөөнөтү аяктайт

 1- февралда SIM-карталарды каттоо мөөнөтү аяктайт

MegaCom мобилдик оператору персонификациядан өтпөгөн номурларыңызды шашылыш түрдө каттоодон өткөрүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алуу менен, жүз миңден ашуун абоненттерди өчүрдү.

Номурду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү үчүн компаниянын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылууга болот. Персонификациядан өтүү акысыз. Жаныңызга жарандыгыңызды тастыктаган документиңизди ( паспорт,айдоочулук күбөлүк, аскер күбөлүгү же бааргер күбөлүгү) алып алсаңыз жетиштүү болот. Жашы 16га жете элек абоненттердин номурлары жакындарына катталат.Чет өлкөлүк жарандардын номурлары кыргызстандыктар менен бирдей болгон шартта каттоодон өткөрүлөт.

Номуруңуздун каттоодон өткөрүлгөндүгүн текшерүү үчүн телефонуңуздан *112# акысыз буйруусун териңиз. MegaCom компаниясынын номурларын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүгө байланыштуу маалыматты тактоо үчүн *400» атайын линиясы аракетте.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Корпоратив 24»