Перейти на новый сайт
MegaCom: мобилдик телефонуңуздун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланыңыз

MegaCom: мобилдик телефонуңуздун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланыңыз

Мобилдик телефондун айрым мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баарыбыз эле биле бербесек керек. MegaCom мобилдик лайфхактар тууралуу баяндай кетмекчи.

1. Эгерде Сиз дүйнө жүзүнүн кайсы бир өлкөсүндө жүргөн кезиңизде өзгөчө кырдаалга кабылган болсоңуз, өз телефонуңуздан «112» кыска номурун терүү жетиштүү. Бул учурда телефонуңуз Сиз жүргөн аймакта жеткиликтүү болгон түйүндөрдүн ичинен автоматтык түрдө авариялык номурду издей баштайт. Түйүндүн аракет аймагынан тышкары жүргөндүгүңүзгө, эсебиңизде каражатыңыздын жетишсиздигине жана башка өлкөдө экендигиңизге карабастан, сиз ушул номур аркылуу авариялык кызматтар менен байланыша аласыз. Бүл номурду телефонуңузду бөгөттөн чыгарбастан туруп терүүгө болот!

2. Ар бир айдоочу төмөндөгүдөй көрүнүшкө кабылса керек: ачкычыңызды ичине калтырып автоунааңызды сыртынан бекитип алдыңыз дейли, бирок үйүңүздө дал ушундай ачкычтарыңыз бар. Өз мобилдик телефонуңуздан үйдөгү жакындарыңыздын биринин номуруна чалыңыз. Телефонуңузду автоунаанын эшигинен 30 см аралыкта кармаңыз. Бул учурда үйдөгү адам автоунаанын кошумча (запас)ачкычынын бөгөттөн чыгаруучу басмагын басып, мобилдик телефонуна жакын кармап турат. Сиздин унааңыз ачылат. Бул убакытты үнөмдөөнүн ыңгайлуу жолу. Аралыктан көзкарандысыз эле, телефондун жардамы менен унааңызды же анын жүк салуучу бөлүгүн ача аласыз. Сигнал радиоканал аркылуу берилген учурда бул ыкманы 100 пайызга ийгиликтүү колдонууга болот. Оптикалык сигнал менен колдонгон учурда ачууга мүмкүн эмес.


Пайдалуу маалымат менен досторуңуз менен бөлүшүңүз.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы