Перейти на новый сайт

MegaCom: SIM-картаңыз өчүп калбаш үчүн, аны каттоодон өткөрүңүз!

MegaCom: SIM-картаңыз өчүп калбаш үчүн, аны каттоодон өткөрүңүз!

MegaCom мобилдик оператору персонификациядан өтө элек бардык абоненттерди номурларын каттоодон өткөрүүгө чакырат. КР Өкмөтүнүн Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматына таянуу менен, «Кабар» маалымат агенттиги билдиргендей, мындан ары мөөнөт узартылбайт жана 2016-жылдын 31-январына чейин SIM-карталарды каттоодон өткөрүү керек.

MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алуу менен, 2016-жылдын 15-январынан тарта номурун милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөгөн абоненттердин номурларын кезек-кезеги менен өчүрө баштады. Персонификациядан өткөн абоненттерге кайрадан байланыш кызматтары көрсөтүлө баштайт.

Келишимди кантип түзүүгө болот. Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүүнү каалаган MegaCom абоненттери компаниянын сатуу жана тейлөө Борборлорунун бирине же компаниянын өнөктөштөрүнүн-дилердик түйүндөрүнүн Фирмалык салондоруна кайрылуусу керек. Персонификациядан өткөрүү акысыз. Жаныңызга жарандыгыңызды тастыктаган документиңизди ( паспорт,айдоочулук күбөлүк, аскер күбөлүгү же бааргер күбөлүгү) алып алсаңыз жетиштүү болот. Жашы 16га жете элек абоненттердин номурларын жакындарына катталат.Чет өлкөлүк жарандардын номурлары кыргызстандыктар менен бирдей болгон шартта каттоодон өткөрүлөт.

Өз телефонуңуздан *112# буйруусун терүү аркылуу номуруңуздун каттоодон өткөрүлгөндүгүн өз алдынча текшере аласыз. Номурларды милдеттүү түрдө каттого байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн, MegaCom компаниясында *400 атайын линиясы сиздердин кызматыңыздарда.

 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы