Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик шылуундуктун жаңы түрүнөн сак болууну эскертет

MegaCom мобилдик шылуундуктун жаңы түрүнөн сак болууну эскертет

Урматтуу абоненттер, сак болуңуздар! Мобилдик алдамчылыктын жаңы түрү жайылууда:

«Чоочун адам сиздин телефонуңуздун башка бирөөлөр тарабынан тыңшалып жаткандыгы тууралуу билдирет. Аны алып салууга жардамын сунуштайт жана кызматы үчүн акы талап кылат же атайын номурга чалууну суранат».

Көңүл буруңуз! Бул учурда сизге чалып жаткан адамдын бир да өтүнүчүн аткарбаңыз. Ал айткан номурга чалбаңыз жана акча каражатын которбоңуз. Айрым учурда алдамчылар алыскы тууганыңыз болуп чалып же жакыныңыздын кандайдыр бир кырсыкка кабылгандыгын кабарлап, аны бул жагдайдан чыгаруу үчүн акча каражаты керектигин билдиришет. Көпчүлүк учурда болжолдуу ысымдарды аташат, социалдык баракчалар аркылуу сиз тууралуу маалымат алган болуусу да толук ыктымал.

Сиз эмне кылышыңыз керек:

  • Мобилдик операторуңуздун кардарларды колдоо кызматы менен байланышып, шектүү чалуу аткарылган номурду билдириңиз;
  • Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз;
  • MegaCom компаниясынын расмий сайтынын Абоненттин коопсуздугу бөлүмүнөн алдамчылыктан сактануу жолдору менен таанышсаңыз болот;
  • Мындай жагдайларда өзүн кандай алып жүрүү керектигин ата-энеңизге, балдарыңызга айтып бериңиз, «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» анимациялык мультфильмин көрсөтүңүз (кыргыз жана орус тилдеринде).

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы