Перейти на новый сайт

MegaCom Түркмөнстандагы роумингинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

MegaCom Түркмөнстандагы роумингинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

Үстүбүздөгү жылдын 11-январынан тарта, MegaCom абоненттери үчүн Түркмөнстандагы Altyn Asyr (Tmcell) операторунун тармагында “Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Күн нурлары жайылган Түркмөнстанга эс алуу же ишкердик суроолор боюнча саякат жасап, өзүңүзгө жаңы кызыктуу жана ажайып кооз жерлерди ачыңыз. Жылуу сезимдерди жана эмоцияларды MegaCom роуминги аркылуу жакындарыңыз менен бөлүшүңүз!

“Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматынан пайдаланууда, роумингде жүргөндө жергиликтүү SIM-картаны сатып алуу, аны жүргөн өлкөдө каттоодон өткөрүү жана оператор менен тейлөө келишим түзүү тартиптеринен өтүү зарыл эмес. Роумингде да өз номурдан пайдаланып, балансты чыныгы убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүн. Чет өлкөлөрдө жүргөн да, номурду алмаштырбастан, 24/7 форматында өз мобилдик оператордун пайдалуу кызматтарынан пайдаланыңыз. Мындан тышкары, кызмат MTS-Turkmenistan операторунун тармагында да жеткиликтүү.

“Алдын ала төлөнүүчү роуминг” кызматын кошуу үчүн *155*1# буйруусун териңиз же компаниянын каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бирине кайрылыңыз.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Мобильный офис»