Перейти на новый сайт

MegaCom: Бишкекте корпоративдик жана VIP кардарларды тейлөөчү жаңы кеңсе ачылды

MegaCom: Бишкекте корпоративдик жана VIP кардарларды тейлөөчү жаңы кеңсе ачылды

«Жаңы жылга жаңы кеңсе менен!» - деген ураандын астында Жаңы жылды утурлай ачылган кеңсе компанияга ишеним артып келе жаткан жана жаңы өнөктөштөрүн кабыл ала баштады.

   

— Жаңы кеңсе- компаниянын жаңы жүзү. Биз дайыма алдыга умтулуп келебиз. Келечекке ташталган ар бир кадамды компаниянын бизнес-процесстерине жана өнүмдөрүнө тиешелүү болгон жаңы мүмкүнчүлүк катары сыпаттоого болот.Кардарлардын мүдөөлөрүн эске алуу менен жаңы сунуштарды иштеп чыгуудабыз. Өзгөчө белгилей кетсек, MegaCom корпоративдик тейлөөсү – ар бир кардарга жасалган астейдил мамиле, корпоративдик кардарлар – компаниянын стратегиялык кардарлары. Жаңы кеңсенин жамаатынын ишин ийгиликтер коштоп жана кардарларга жагымдуу көз ирмемдерди тартуулай беришсин, — деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Жаңы кеңсе тууралуу учкай кеп сала кетсек, бул заманбап, функционалдык кеңсе, ошол эле учурда MegaComдун жаңы Сатуу жана Абоненттерди тейлөө борбору Токтогул 102-104/Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жана ыңгайлуу унаа токтотуучу жайы бар.Өз кардарларын иш күндөрү саат 09.00 дөн 18.00гө чейин кабыл алат. Иш-чара тууралуу фотобаян facebook сайтындагы MegaComдун атайын баракчасында жайгаштырылган Ал эми, Кантип MegaCom компаниясынын корпоративдик кардары боло алам?, Ишкердик жүргүзүүдө заманбап технологиялардын кандай уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алам?- деген сыяктуу суроолорго компаниянын сайтынан жооп алууга болот.

Айтмакчы, жаңы форматтагы заманбап кеңсенин ачылышы — бул бир жолку акция эмес. Мындай жаңы кеңсе жана СТБ Жаңы жыл босогосунда Ош шаарында да ачылган. Кош келиңиздер!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «VIP Service»