Перейти на новый сайт

MegaCom: Дүйнөлүк бодибилдинг жылдызы Бишкекте!

MegaCom: Дүйнөлүк бодибилдинг жылдызы Бишкекте!

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында болуп өткөн Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын бодибилдинг боюнча Биринчи эл аралык ачык чемпионаты, өлкөбүздөгү бодибилдинг спортунун өнүгүү тарыхында кызыл сызык менен өтүп туруучу өзгөчө окуя. Аталган иш-чараны уюштуруу жана Кыргызстанга дүйнөлүк бодибилдинг жылдызы жана уламышка айланган Кевин Леврондун келүүсү өлкөбүздүн ири мобилдик оператору MegaCom компаниясынын колдоосу менен, жана да IFBB эрежелери боюнча КРдин Бодибилдинг жана фитнес федерациясынын башчысы Тимур Жанабуловдун уюштуруусу менен ишке ашты.


MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов мелдештин катышуучуларына төмөндөгүдөй жылуу сөздөрүн жолдоду:

“MegaCom компаниясы менен спортту бириктирип турган башкы нерсе- сергек жашоого үгүттөө жана жогорку жетишкендиктерге жетүүгө умтулуу. Биздин компанияда командалык биримдик, ийгиликтерге жетүү, кынтыксыздык, жеңишке умтулуу сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө маани берилет. Биздин компания ата мекендик спорттун ири өнөктөшү жана биздин олимпиада оюнчуларынын башкы өнөктөшү болуп келе жаткандыгы бекеринен эместир. Акыркы 5 жылдын ичинде компаниянын колдоосу менен 70тен ашык спорттук иш- чаралар өткөрүлүп, спортту өнүктүрүүгө 10 миллиондон ашык сом бөлүнгөн.”



Чемпионатка бардыгы болуп 50дөн ашык спортчулар катышты. Өзүнүн келбеттүү дене бою менен көрүүчүлөрдүн назарын бурган биздин спортчуларыбыз Казакстандан, Өзбекстандан жана Монголиядан келген катышуучуларга татыктуу атаандаш боло алышты. Мекенибизде спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны өсүүдө.

«Арнольд классик» жана «Мистер Олимпия» турнирлеринин жеңүүчүсү жана баш байгелеринин ээси Кевин Леврон MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов менен биргеликте жеңүүчүлөргө медалдарды жана белектерди тапшырып жатышты. Мыктынын мыктысы 10 категория боюнча аныкталды. Сымбаттуу жана күч-кубаттуу мырзалар менен айымдар катышкан ажайып шоу көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтыргандыгын жана Чемпионаттын эсте каларлык өткөндүгүн белгилей кетүү ашыкча болбос.

MegaCom спорт жана сергек жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы