Перейти на новый сайт
Бишкекте MegaComдун колдоосу менен бодибилдинг боюнча Биринчи Эл аралык Чемпионат өткөрүлмөкчү

Бишкекте MegaComдун колдоосу менен бодибилдинг боюнча Биринчи Эл аралык Чемпионат өткөрүлмөкчү

Спортко колдоо көрсөтүп, сергек жашоого үгүттөп келе жаткан MegaCom компаниясы бодибилдинг боюнча Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасынын Биринчи эл аралык ачык Чемпионатын өткөрүүгө Башкы демөөрчүлүк кылат. 2015-жылдын 8- декабрында Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Монголиянын келбеттүү, сүрдүү атлеттери өз күчтөрүн сынашат.

Белгилей кетсек, MegaCom компаниясынын колдоосу менен миллиондогон күйөрмандарынын көңүл борборун ээлеген Кевин Леврондун Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Уламышка айланган, атактуу атлетчинин мекендештерибизге расмий видеокайрылуусун жеке аккаунтунан көрсөңүздөр болот. Дүйнөлүк бодибилдинг жылдызы борбор шаарбыздын спорт клубдарында өз тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Чеберчилик сабактары кесипкөйлөр үчүн да, спорттун бул түрүн сүйүүчүлөр үчүн да пайдалуу болору бышык.

Иш-чаранын уюштуруу боюнча азыноолак кеп салсак, мелдеш КРдин Фитнес жана бодибилдинг федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат. IFBB фитнес жана бодибилдинг эл аралык федерациясынын эрежесине ылайык өткөрүлө турган бул маанилүү иш-чаранын негизги максаты -спорттун өзгөчө түйшүктү талап бул түрүн Кыргызстанга жайылтуу, спорт менен машыгууну пайдалуу адатка айландырууга үгүттөө. Таймашка катышуучулардан тышкары спорттун бул түрүнө кызыккандар да катыша алышат facebook.com жана ok.ru социалдык түйүндөрүндө MegaCom тарабынан өткөрүлүп жаткан конкурстарга катышып, бул ажайып шоу программанын күбөсү болуңуздар.

MegaCom жана спорт – бул күч-кубат!

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы