Перейти на новый сайт

MegaComдун колдоосу менен Бишкекте Google Developer Group DevFest 2015 IT-конференциясы өткөрүлдү

MegaComдун колдоосу менен Бишкекте Google Developer Group DevFest 2015 IT-конференциясы өткөрүлдү

Дүйнө болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп, ар тараптуу өнүгүүдө. Жаңы технологиялар заманында келечекте бизди эмне күтөт, кантип мезгилге шайкеш кадам таштайбыз деген сыяктуу суроолор баарыбыздын көкүрөгүбүздү уялап келет. Ушул өңдүү жана илимий-техникалык багыттагы башка суроолордун айланасында маек куруу үчүн MegaCom компаниясынын колдоосу менен GDG DevFest IT-конференциясы өткөрүлдү.

Google’дун жаңы иштелмелери жана технологиялары GDG DevFest жыйынынын негизги темасы болду. Технологиялык тенденциялардын толкунунда, Google шаймандарын пайдалануу менен кыска мөөнөттүн ичинде программалык камсыздоолорду, колдонмолорду, сервистерди жана сайттарды түзүү маселелери катышуучулардын көңүл борборунда болду. Иш-чарага катышкан программа жазуучулар, IT-адистер, жалпысынан алганда, үч жүздөн ашуун адам катышып, аталган тармак боюнча кыргызстандык кесипкөй адистер баяндама жасашты.

                

IT-жолугушуунун өнөктөшү MegaCom компаниясы тарабынан конференциянын катышуучуларынын арасында жагымдуу белектер ойнотулду. “GDG DevFest конференциясы көп жылдан бери бир катар чет өлкөлөрдө өткөрүлүп келет, алардын катарына АКШ, Индия, Сингапур, Германия өлкөлөрүн кошо алабыз. Биздин өлкөдө мындай жолугушуу экинчи ирет өтүүдө. Жергиликтүү адистерибизге мындай мыкты мүмкүнчүлүк тартуулап, иш- чараны бул жолу дагы колдоп бергендиги үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиргим келет” – деп өз сөзүндө белгилеп өттү, уюштуруучулардын бири Михаил Иващенко.

MegaCom жогорку технологиялуу компания менен, өлкөдөгү инновация жаатындагы маанилүү IT-иш-чараларын жана билим берүү долбоорлорун колдоп келет.

 

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы