Перейти на новый сайт
MegaCom: Баалар түшүүдө, мобилдик Интернетти колдонуучулардын саны өсүүдө

 MegaCom: Баалар түшүүдө, мобилдик Интернетти колдонуучулардын саны өсүүдө

MegaCom мобилдик оператору data-кызматтарга болгон кызыгуунун артып жаткандыгын белгилейт. Кызмат көрсөтүүдө сапатка гана басым жасабастан, кардарлардын мүдөөлөрүн да эске алган мобилдик оператордун маалымат кызматынын берген маалыматына назар сала кетели. Эгерде 2013-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки убакыттын ичинде

MegaCom абоненттери тарабынан бир петабайттан ашык мобилдик интернет, башкача айтканда бир миллиондон ашуун гигабайт колдонулган болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч эки эсеге өстү. 2015-жылы өсүү тенденциясы сакталып калды, ошондой эле мегабайт өткөн жылдагыга караганда 9эсеге арзандады.

Дүйнөлүк тенденцияга ылайык Интернетти колдонуучулардын саны күндөн-күнгө өсүп келет. MegaCom компаниясы тарабынан ишке киргизилген «Элдик» тарифтик планы да, өз кезегинде, data-кызматтарын колдонуучулар үчүн абдан ыңгайлуу шарттарды сунуштай алды десек жаңылбайбыз. Кызматтын алкагында мегабайттын эң төмөнкү наркы болгону 2.8 тыйынды түзүп, бул болсо бүгүнкү күндө интернет үчүн алынуучу эң төмөнкү нарк болуп саналат.

Акыркы убакта оператор тарабынан ишке киргизилип жаткан атайын кызматтар, тарифтер жана опциялар да мегабайттын орточо наркын төмөндөттү. Компаниянын кызматтары боюнча ички талдоо жүргүзүп көрсөк, MegaCom абоненттеринин арасында артыкчылыкка ээ болгон опциялардын катарына «Күн-Түн» топтомдорун кошсок болот. Бул топтомдор түйүн ичинде ай сайын 400 Мегабайттан 60 гигабайтка чейинки трафикти максималдуу ылдамдыкта сунуштайт. Бир мегабайттын наркы болгону 0,041 сомду түзөт.«Күн-Түн»топтомдорун колдонгондордун саны 10 эсеге көбөйдү. Интернеттин мегабайты 0,25 сомдон болгон «Жеткиликтүү Интернет» опциясын да абоненттерибиз байма-бай колдонуп кеишет. Эки жумага жетпеген убакыттын ичинде аталган опция менен колдонгондордун саны 7 миңден ашты. Абоненттердин көңүлүнө төп келген абоненттик төлөмү суткасына 29,95 сомдон тарта эсептелген «Unlim24» түркүмүнүн ылдамдыгы чектелбеген эки опциясы үчүнчү орунда.

MegaCom – ишенимдүү мобилдик Интернет.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы