Перейти на новый сайт

MegaCom: Star Vision долбоорунда сына

MegaCom: Star Vision долбоорунда сына

Жаш таланттарга жана маданияттын өсүшүнө колдоо көрсөтүү менен MegaCom компаниясы Star Vision музыкалык телекөрсөтүү долбооруна Башкы демөөрчү болду. Бул масштабдуу долбоордун алкагында 26-27 -ноябрда КТРКнын телекөрсөтүү студиясында жалпы республикалык кастинг өтөт, жыйынтыгында Кыргызстандын бардык аймагынан мыкты аткаруучулар чет өлкөлүк музыканттар менен чогуу иштешүү үчүн тандалып алынат.

18 жаштан 27ге чейинки бардык каалоочулар өз күчүн сынай алышат. Кастингдин жеңүүчүлөрү 27-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында жергиликтүү жылдыздар жана Европанын белгилүү AKCENT жана Deepside Deejays топторунун катышуусунда өтө турган гала-концертте өз өнөрлөрүн көрсөтө алышат. Катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү мыкты байгелер жана белектер күтөт.

«Калыстар тобуна татыктууну тандоо оңой болбосо керек, себеби Кыргызстан таланттардын мекени эмеспи», - деп, белгилей кеткен MegaCom компаниясынын PR жана жарнама бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов, кеп учугун мындайча улантты: «Баардык катышуучуларга мега ийгилик жана өзүнө болгон ишенимди каалайм. Баарыңарга ийгилик!»

Иш-чара жана ага катышуунун шарттары тууралуу кошумча маалымат 0552444888 номуру аркылуу жеткиликтүү.
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив