Перейти на новый сайт
Олимпиадачы Арсен Эралиев: Максаттарды койгула жана алардын баарын ишке ашыргыла!

Олимпиадачы Арсен Эралиев: Максаттарды койгула жана алардын баарын ишке ашыргыла!

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын Башкы өнөктөшү MegaCom мобилдик оператору «Инсандын таржымалы» долбоорун улантууда. Долбоордун максаты- 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы өтүүчү жайкы Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган спортчулар менен коомчулукту тааныштыруу. Тогуз спортчу тууралуу мобилдик оператордун сайтындагы Олимпиада-2016 бөлүмүнөн окууга болот, тизме толукталып турат. Бүгүнкү күндүн каарманы- грек-рим стилиндеги балбан, бир ай мурун Рио-де-Жанейрого олимпиадалык лицензияны утуп алган, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери, 2012-жылдын Лондондогу Олимпиадалык оюндарынын катышуучусу, улуттук курама командасынын 2009-жылдан берки мүчөсү Арсен Эралиев.

 

Арсен, сизди кезектеги олимпиадалык лицензияны утуп алышыңыз менен куттуктайбыз. Буга кандайча жетиштиңиз?

Рахмат. Олимпиадага жолдомо экенин түшүнүү менен бул мелдешке көпкө жана кылдаттык менен даярдандым. Алдыма максат коюп ага жеттим. Үч беттешүүдө жеңишке жетип,  байгелүү үч орундун бирин ээлегенге аракет кылып, натыйжада  бешинчи болуп калдым. Жыйынтык жаман болгон жок, мен экинчи жолу Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк  алдым.

Риодогу Олимпиадага даярдык кандай жүрүп жатат?

Менин Америкадагы беттешүүм менен олимпиадалык лицензия алганымдан бери  бир ай эле өттү. Мага бир ай эс алганга уруксаат беришти. Эми Олимпиададагы өзүмдүн медалымды утуу үчүн баардык күчүмдү жумшайм.

Спортко кандайча болуп келип калдыңыз.

Мен өзүм Талас облусунун Бакай-Ата  районуна караштуу Өзгөрүш айылынан болом. Алгач мектептин спорт залына барып машыга баштадым. Биринчи машыктыруучум Камбар Исмаилов менин жөндөмдүүлүгүмдү байкады көрүнөт,  бул жердеги Бишкектин мектебине алып келди, мен  ал  жакка 2000-жылы тапшырдым. 2006-жылкы жаштар арасындагы Азия Чемпионатында чемпиондук наамга ээ болдум.  Ушул жеңишим мен үчүн спорт дүйнөсүнүн каалгасын кеңири ачты десем болчудай. Ошондой эле 2007-жылы дагы чемпион болдум, ошол эле жылы дүйнө чемпионатында үчүнчү болдум, кийинки жылы экинчи болдум, 2011-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болдум. 2012-жылы Лондондогу Олимпиадалык оюндарынын катышуучусу болдум. Жеке машыктыруучум Майрамбек Ахмедовдун  салымын баса белгилей кетким келет. Спорт менен машыгып келе жатканыма 15 жыл, профессионалдык спортко аралашканыма 6 жыл болуп калды. Учурдагы машыктыруучум-  грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын мыкты машыктыруучусу, Пекиндеги Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Каната Бегалиев.

Спортто  ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшө кетсеңиз?

Бардык эле  иште мыкты  жыйынтыкка жетүү  үчүн  эмгек талап кылынат. Кыйынчылыктар болот, бирок артка чегинбеш керек. Спорт жаракатсыз болбойт. Мен   эки жолу колумду сындырдым, башым чайкалды жана көп жаракат алдым, бирок мунун баарына туруштук берип чыдап, коркпостон алга умтулуш керек. Менин жашоом толугу менен спорт менен  байланышкан. Менин оюмча ар бир адам өзүнүн тандаган ишинде жогорку деңгээлге, бийиктикке жетиши керек. Спорттогу бийиктик – бул Олимпиада. Менин чоң спортко келгендеги койгон негизги максатым- дүйнөлүк биринчиликте жеңишке жетүү.

Сиз үчүн спорт бул эмне?

Спорт бул менин жумушум, менин жашоом. Албетте, спортчу болуунун кемчиликтери бар, анткени убакыт, ден соолук кетет, достор менен эс алууга жана жолугушууга бош убакыт калбай калат. Мисалы, биз кайсы бир мелдештен келгенден кийин бир жума гана эс алууга уруксаат берилет. Андан кийин жумасына алты күн бою эки жолудан машыгуулар, жетинчи күнү чарчаганымдан мен үчүн эң жакшы эс алуу бул уктоо болуп калат. Бирок күрөшүү-  биздин каныбызда бар, анткени биздин бабабыз Айкөл Манас дагы күрөшүп келген. Эгерде азыр жаштар бул макаланы окуп жатса, мен аларга алдыңарга максат койгула жана жарым жолдо артка кайтпастан баарын ишке ашыргыла деп айтат элем. Уулум эс тартканда, аны  дагы ушуга үндөйм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып спортчуларга колдоо көрсөткөнү үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиргим келет. 2012-жылы Лондонго барган олимпиадалык кураманын ичинде мен дагы бар элем, ошондо биздин уюлдук оператор MegaCom компаниясы керектүү каражаттарды бөлүү менен спорт шаймандарын алууга жардам берген!

Маалым кат:
2014 – жылы Сербиядагы эл аралык таймашта «коло»
2013 – жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионаты «коло»
2012 – жылы Лондондогу Олимпиадалык оюндардын Катышуучусу
2012 – жылы Финляндиядагы эл аралык лицензиялык таймаш «күмүш»
2011 – жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионаты
2011 – жылы Польшадагы эл аралык таймаштын Чемпиону
2010 – жылы Дүйнө чемпионатынын катышуучусу
2009 – жылы Украинадагы эл аралык таймашта «күмүш»
2008 – жылы жаштар арасындагы дүйнө Чемпионатында «күмүш»
2007 – жылы жаштар арасындагы Азия Чемпиону
2006 – жылы жаштар арасындагы Азия Чемпиону

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы