Перейти на новый сайт
Азат Үсөналиев: «Кыргызстандын даңкын чыгарууга бардык күчүмдү жумшайм»

Азат Үсөналиев: «Кыргызстандын даңкын чыгарууга бардык күчүмдү жумшайм»

MegaCom компаниясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен кызматташуу алкагында, 2016-жылы Бразилияда өтө турган Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын коргоочу талапкерлер тууралуу тааныштыруучу сериядагы материалдарды жарыялап келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жеңиш куржунунда төрт лицензия бар. Аларды буга чейин жеңил атлетчилер Марина Коробицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнүн балбаны Арсен Эралиевдер жеңип алышкан. Келерки жылдагы Олимпиадага кезектеги лицензияны алууга Кыргызстандын бокс боюнча көп жолку чемпиону, Кыргызстандын 2010, 2011 жана 2012-жылдардагы бокс боюнча чемпиону, 2015-жылдын январында AIBA Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты боксчусу наамына татыктуу болгон Азат Үсөналиев даярданууда. Азат 24 жашта, бокс менен 10 жашынан баштап машыга баштаган. 2013-жылы Азиянын чемпиону болуп, өзүнүн спорттук жолун уланткан.

 

Кайсы жерден болосуз? 
Мен Токмокто төрөлгөм, бирок түпкү тегим Жумгалдан болот.

Сиз спортко кандайча келдиңиз? Кесипкөй бокс дүйнөсүнө качан бет алдыңыз? 
Мен спортчулардын үй-бүлөсүнөн болом, атам жана улуу агам спорт менен машыгышчу. Мени 10 жашымда спорт секциясына беришкен. Токмоктогу спорт мектеби Кыргызстан боюнча эң мыкты машыктыруучулар менен атагы чыккан. 16 жаштан тарта кесипкөй бокс дүйнөсүнө кадам таштадым. Бул акырындык менен болду. Дал ушул курагымда мен республикалык деңгээлдеги таймаштарга катыша баштадым.

Сиз үчүн ким үлгү болду?
Мен үчүн боксчу Нурлан Абдыкалыков үлгү болду десем жаңылбайм. Ал совет доорундагы мекенибиздин боксунун жылдызы болгон. 17 жаш курагында СССРдин Чемпиону болгон. Мен ал боксчу тууралуу, аны жакындан билген машыктыруучуларыман көп укчу элем. Ал жөн гана боксчу болбостон, жакшы адам дагы болчу. Тилекке каршы, ал жарык дүйнө менен эрте кош айтышты. Нурлан Абдыкалыков өзүнүн мыкты адамдык сапаттары жана спорттогу жеңиштери менен мен үчүн үлгү болуп кала берет.

Айта кетсеңиз, 2016-жылдагы Олимпиадага даярдык кандай? 
Жакында эле мен Таиланддан кайттым, ал жактан Азиянын тандоо Чемпионатына катыштым. Ал жактан октябрдын 5инен 15ине чейин Катарда өтүүчү Дүйнө чемпионатына лицензия алдым. Учурда ошол чемпионатка даярдык көрүп жатам, себеби ал жакта 2016-жылдагы Олимпиадага лицензия ойнотулат. Азыркы кезде Бишкекте жыйындар өтүүдө буга чейин Ысык-Көлдө болгон. Даярдыкка жакшы баа бере алам.

Жаңыдан спортко кадам шилтей баштаган спортчуларга кандай кеп-кеңеш бермекчисиз?
Эң башкысы, алдына татыктуу максат коё билүү жана ага жетүү үчүн кыйынчылыктардан коркпостон, өжөрлүк менен алдыга бет алуу. Эмгекти сүйө билген жана максатка жетүүгө умтулган учурда гана бардыгына жетишүүгө болот.

Спорттогу жетишкендиктериңизди кимге арнайсыз?
Бардык ийгиликтеримди спортту сүйгөн, спорт менен машыкан бардык кыргызстандыктарга арнайм. Жеңишке жетишкен кезде мекениме пайдам тийип жатканына кубанам.

Сыйлыктары:

  • 2015 «коло». Азия чемпионаты (Таиланд).
  • 2014 «алтын». Кыргызстандын, Тажикистандын, Кытайдын жана Орусиянын ортосундагы беттешүү.
  • 2014 «коло». Кубок мира нефтяных стран в память Фарман Салмановдун жаркын элесине арналган Белоярск ш. (Орусия).
  • 2013 «алтын». Амман ш. болуп өткөн Азия чемпионаты (Иордания).
  • 2013 – Катышуу тууралуу тастыктама. AIBA Алма-Ата ш. (Казакстан) бокс боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионат. 2010, 2011 жана 2012-жж. 52 кг чейинки категориядагы бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону. 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы