Перейти на новый сайт

MegaComдун бардык абоненттерине: Телефонуңуз үчүн жаңы тескөөлөрдү колдонуңуз!

MegaComдун бардык абоненттерине: Телефонуңуз үчүн жаңы тескөөлөрдү колдонуңуз!

MegaCom абоненттеринин санынын күн санап өсүшү менен жабдууларды жаңыртуу зарылдыгы жаралууда, уюлдук оператордун техникалык адистери тарабынан бул жагдай эске алынып, 2015-жылдын апрель айынын башынан тарта тармактын негизги элементтерин жаңылоо боюнча бир кыйла иштер аткарылды. Мындай аракеттер түйүндүн жалпы өткөрүмдүүлүгүн арттырып, байланыш кызматтарынын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү.

Ушуга байланыштуу 2015-жылдын 21-сентябрынан тарта WAP жана MMS мурдагы тескөөлөр боюнча жеткиликтүү болбой тургандыгын маалымдайбыз.

Маанилүү! Мобилдик телефонуңузду автоматтык тескөөлөр аркылуу жакын аранын ичинде тескөө керектигин билдиребиз. Бул үчүн 321 номуруна MMS үчүн «2» саны жана WAP үчүн «3» саны камтылган SMS (акысыз) жөнөтүңүз. Андан соң Сизге келген параметрлерди колдонсоңуз болот.

3G/GPRS-интернет менен пайдаланган абоненттер WAP интернетке чыгуу үчүн WAP жетки түйүнүн кошумча тескебей эле койсо болот. WAP-трафик кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык өзүнчө тарифтелет. 3G/GPRS-трафиктин жеңилдетилген тарифин сунуштаган кошулган интернет-сунуштардын аракети (топтомдор, тарифтик опциялар ж.б.) WAP-трафиктин тарифтөөсү үчүн жеткиликтүү болбойт.

iPhone жана Blackberry аппараттарынын колдонуучулары тескөөлөрдүн сүрөттөлүшү менен шилтемеси аркылуу колдоно алышат.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы