Перейти на новый сайт

Кыргызстанда кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча мыкты иштелмелердин жыйнагы жарык көрдү

Кыргызстанда кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча мыкты иштелмелердин жыйнагы жарык көрдү

MegaCom компаниясы кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү боюнча жалпы республикалык сынакты өткөрүүгө дагы бир ирет колдоо көрсөттү.

Улуттук уюлдук оператор колдоого алган иш-чара кыргыз тилинин расмий макамга ээ болгондугунун 25жылдыгына карата уюштурулуп, агартуу тармагында көч башында келе жаткан «Кутбилим» гезити жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан демилгеленген. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде мекенибиздин алыскы аймактарынан келген мугалимдердин ысымдары өзгөчө сыймык менен аталды. Талыкпаган эмгектери жана чыгармачыл изденүүлөрү татыктуу бааланган Калмурзаева Бүсара, Карачева Ырыс, Каримов Жоошбай, Жаманкулова Инаят, Медеркулова Муңайым, Кадырмышева Эдиса, Касмалиева Гүлжан, Абдыбекова Элмира атайын сыйлыктарга ээ болушту.

Тажрыйбалуу мугалимдерге «Кыргыз тили» төш белгилери, акчалай сыйлыктар жна мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ардак грамоталары тапшырылды. Сынакты уюштуруучулардын ыраазычылык катына татыктуу болгон MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов сынактын соңунда мугалимдерге куттуктоо жолдоп, өз сөзүндө жеңүүчүлөргө чың ден соолук, талыкпаган эмгек жана иштерине ийгиликтерди каалай кетти. Сынак тууралуу ой бөлүшкөн мугалимдер, өз кезегинде, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жасаган астейдил мамилеси, ар тараптуу колдоосу, билим берүү жаатында жүргүзүп келе жаткан алгылыктуу иш-аракеттери, үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирип жатышты.

Улуттук мобилдик оператор жаңычыл мугалимдерди колдоого үчүнчү ирет өз көмөк көрсөттү. Түйшүктүү кесип ээлерин жеңиштерге үндөп, алардын ийгиликтеринин өбөлгөсү болгон мындай иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Сынактын жыйынтыгында кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча мыкты деп табылган 40 сабактын иштелмеси камтылган атайын жыйнак жарык көрдү. Усулдук колдонмо өлкөбүздүн мектептерине таратылмакчы.
 

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы