Перейти на новый сайт

Компания кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин грамоталары менен сыйланышты

Компания кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин грамоталары менен сыйланышты

Талыкпай эмгектенип, коммуникация жана байланыш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келе жаткан MegaCom компаниясынын мыкты кызматкерлеринин үзүрлүү эмгеги татыктуу бааланып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Алардын ысымдарын сыймыктануу менен атай кетели:

  • Момошова Айзаада – Бюджеттөө жана каражаттарды башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • Иптаров Адил – PR жана жарнама бөлүмүнүн жарнама боюнча жетектөөчү адиси;
  • Бапанов Нурлан – Маалымат жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн техникалык коопсуздук боюнча башкы адиси;
  • Топольский С.Ю. – Курулуш иштерин координациялоо бөлүмүнүн куроо иштери боюнча жетектөөчү инженери;
  • Садриева Бермет– СБТ (Сапаттык башкаруу тутумунун) башкаруу Бөлүмүнүн жетекчиси.

MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов кесиптештерине грамоталарды тапшырып жатып, өз кезегинде, алардын иштерине ийгиликтерди каалай кетти.

Компания жамааты кубанычыңыздарга ортоктош экендигин билдирет!


 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы