Перейти на новый сайт

MegaCom 3,75G түйүнүн өнүктүрүүгө басым жасап келет

MegaCom 3,75G түйүнүн өнүктүрүүгө басым жасап келет

MegaCom компаниясы Кыргызстандын бардык аймагында уюлдук түйүндү өнүктүрүү менен, өлкө калкын ишенимдүү үн байланышы жана сапаттуу интернет менен камсыздап келет.

Чүй облусунун Тогуз-Булак айылынын тургундары MegaComдун 3,75G муунундагы сапаттуу жана ыкчам мобилдик интернети менен биринчи ирет колдонушту. Ийгиликтүү ишке киргизилген жаңы базалык станциялар Чүй облусунун Беловодское жана Садовое айылдарынын тургундары үчүн көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарынын сапатын бир кыйла жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

Жаңы базалык станцияларды орнотулушу жана Чүй облусунун Арчалу, Кегети, Тоолуу Серафимовка, Беловодское, Садовое, Первомайское, Ак-Кудук жана Хун Чи айылдарында жабдууларда техникалык иштерди аткарылышы менен, аталган айылдарда ишенимдүү 3G-каптоосун жана мобилдик интернеттин ылдамдыгынын туруктуулугун камсыздалды.

Бүгүнкү күндө MegaCom тармагы каптаган аймакта 98 пайызга чамалуу өлкө калкы жашайт. Уюлдук оператордун каптоо аймагы тууралуу маалыматты 3G каптоо жана өкүлчүлүктөрүнүн интерактивдүү картасынан онлайн түрүндө, үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилинде билүүгө болот. Компаниянын техникалык багыттагы жаңылыктары сайт аркылуу жеткиликтүү.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы