Перейти на новый сайт

MegaCom  акция алкагында топтолгон акча каражаттарын Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлерине тапшырды.

MegaCom  акция алкагында топтолгон акча каражаттарын Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлерине тапшырды.
 

Кыргыз  Республикасынын Коргоо  министрлигинин аскер  башкармалыгынын жергиликтүү органдар Башкы  башкармалыгы  тарабынан  берилген  тизмеге ылайык, MegaCom компаниясы уюштурган акция алкагында топтолгон каражаттар даректүү түрдө  бөлүнүп, ар  бир ардагер 5 миң сомдон алышты.  

2015-жылдын 25-мартынан 15-майына чейин MegaCom абоненттери 1945 кыска номуруна SMS жөнөтүп турушкан. «Улуу Жеңиш!» кайрымдуулук акциясынын алкагында топтолгон акча каражаттары Даңк, Кызыл  Жылдыз ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк, Берлин жана  Кенигсбергди алганда көрсөткөн  каармандагы үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге берилди. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленген ушул жылы  MegaCom абоненттери тарабынан 50 миңден ашык  SMS жөнөтүлгөн, бул  924 068 сом (салыктардан тышкары) топтолду дегенди билдирет. Мекенчилдик сезимди жогору койгон кыргызстандыктар  улуу муундун басып өткөн жолуна дагы бир таазим кылышты десек жаңылышпайбыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы