Перейти на новый сайт

MegaCom: “Баатырдын атын алыстан ук...” демекчи, кесиптештери Индиядагы Азия Чемпионатында алтын медалга ээ болгон Алексей Федосеев менен сыймыктанат

MegaCom: “Баатырдын атын алыстан ук...” демекчи, кесиптештери Индиядагы Азия Чемпионатында алтын медалга ээ болгон Алексей Федосеев менен сыймыктанат

Алексей Азия Чемпионатындагы WAKO версиясынын K1 бөлүмү боюнча таймашта жеңишке ээ болду. Индиянын Пуна шаарында болуп өткөн чемпионат 9-август күнү аяктап, биздин мекендешибиз өз чеберчилигин дагы бир ирет көрсөтө алды.

Алексей Федосеев кытайлык күчтүү кикбоксчулардын бири менен болгон айыгышкан беттеште шамдагайлыгын көрсөтүп, өз артыкчылыгын далилдеди. Калыстардын бир добуштуу чечими менен К1 бөлүмү боюнча «алтын» Алексейге ыйгарылды. Жалпысынан алганда, Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курамасы лоу-кик, К-1, фулл-контакт, кик-лайт боюнча 11 медалга ээ болушту. Биздин кикбоксчуларды 2015-жылдын октябрында Сербияда өтө турган дүйнө чемпионаты күтөт.

Оксуз кармашуу Федерациясынын өкүлдөрү алгачкылардан болуп Алексейди жеңиши менен куттукташса, кесиптештери, достору, жакындары күн сайын кубанычын тең бөлүшүп сыймыктануу сезимдерин жашырбай келишет.

- Спорттун түрүнөн көзкарандысыз, бардыгыбызды бириктирген бир улуу максаттын алдында эл аралык спорт майдандарында мекенибиздин байрагын бийик желбиретип келүүдөбүз. Мен ушуга абдан кубанам! – деп жооп берет чебер спортчу өз дарегине жылуу пикирлерге жооп иретинде.

MegaCom компаниясынын жалпы жамааты да куттуктоолорго кошулат жана кесиптешине чың ден соолук, спорттогу жетишкендиктерди каалайт.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу