MegaCom: өз номуруңузду каттоодон өткөрүүнү кийинкиге калтырбаңыз!
MegaCom каалаган Сатуу жана тейлөө борборлорунан өз SIM–карталарыңызды жакын арада каттоодон өткөрүүңүздү сунуштайт. Жаныңызга инсандыгыңызды ырастоочу документиңиздин бирин: паспортту, айдоочунун күбөлүгүн, аскердик билетти же бааргер күбөлүгүн алып алуу жетиштүү. КР Өкмөтүнүн “Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү Эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна жана байланыш операторунун лицензиялык милдеттенмесине ылайык, 2015- жылдын 8 -августуна чейин катталбаган номурлар өчүрүлөт.
Персонификациянын артыкчылыктарына баа бериңиз:
- Мобилдик алдамчылыктан коргонуу
- Чалуулардын деталдоосун алуу
- SIM-картаны жоготууда номурду сактап калыш үчүн аны бөгөттөө
- Номурду тез арада калыбына келтирүү
- “Экинчи дем” кызматы боюнча насыянын максималдуу суммасынын берилиши (аталган кызматтын шарттарына ылайык)
- MegaComдун кардарларды колдоо кызматына чалуу аркылуу SIM-картаны убактылуу бөгөттөө
- Абоненттин түйүндө тейленген жылдарын, бонустарды, кошулган кызматтарды жана опцияларды сактап калуу мүмкүнчүлүгү
- Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
- Тейлөө мөөнөтүнөн көз карандысыз “Мобилдик которуу” кызматынан пайдалануу
- Жеңилдетилген тастыктоо жараяны: жашырын сөздү жана аты-жөнүн айтуу гана жетиштүү болот.
Эстен чыгарбоо зарыл – номурларды каттоо толугу менен акысыз. Номурду каттоо үчүн төлөм талап кылуу- укук бузуу жана алдамчылык катары саналат.
Сак болуңуз! SIM-картаңызды жер-жерлерде каттоого даяр болгон MegaCom компаниясынын промоутердик түйүндөрүнүн картасы мобилдик оператордун сайтында жайгаштырылган.