Перейти на новый сайт
Талас облусунун Покровка айылында MegaCom Фирмалык салону ачылды

 
Талас облусунун Покровка айылында MegaCom Фирмалык салону ачылды

MegaCom компаниясы Талас облусунун Покровка айылында Фирмалык салондун ачылгандыгы тууралуу маалымдайт. Бул жерде абоненттерге түйүнгө кошулуу, SIM-картаны каттоодон акысыз өткөрүү,тарифтик планды жана номурду тандоо же алмаштыруу, сүйлөшүүлөр үчүн төлөм жүргүзүү, кошумча байланыш кызматтарынан пайдалануу сыяктуу компания кызматтарынын негизги түрлөрү көрсөтүлөт жана кызыктырган суроолор боюнча кесипкөй адистин адистин кеңешин алууга болот.

2015-жылдын 22-июлунан 31-июлуна чейин өз балансын жаңы ачылган Фирмалык салондон 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акциянын катышуучусу боло алышат жана аларга түйүн ичинде баарлашуу үчүн акысыз 50 SMS 10 күнгө тартууланат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.
MegaCom жаңы Фирмалык салону өз кардарларын төмөнкү дарек боюнча күтөт: Талас облусу, Манас району, Покровка айылы, Кояшев көч., 34

Иш убактысы:саат 9:00 дөн 18:00гө чейин.
Дем алыш күн - жекшемби.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу