Перейти на новый сайт

MegaCom SIM-карталарды каттоодон өткөрүү үчүн 1 ай калгандыгын эсиңиздерге салат

MegaCom SIM-карталарды каттоодон өткөрүү үчүн 1 ай калгандыгын эсиңиздерге салат

MegaCom компаниясы SIM-карталарды персонификациядан өткөрүү үчүн 1 ай убакыт калгандыгын эсиңиздерге салат жана абоненттерге 2015-жылдын 8-августуна чейин компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборунда өз номурларды каттоодон акысыз өткөрүүнү сунуштайт. Персонификация тартибинен өтүү үчүн инсандыкты ырастаган документтин жаныңызда болушу зарыл: паспорт, айдоочу күбөлүк, аскер белети же бааргер күбөлүгү.

Өлкөбүздүн туш-тарабында жайгашкан компаниянын 65тен ашуун кеңсеси, абоненттерге алардын ичинде алыскы аймактардын тургундарына да байланыш оператору менен ыкчам жана оңой келишим түзүүнү шарттайт. Персонификация тартибинен өткөн абоненттер бир катар шексиз артыкчылыктарга ээ болушат, анын ичинде чалуулардын деталдоосун алуу, мобилдик алдамчылыктын алдын алуу, SIM-карта жоготулган учурда номурду сактап калуу үчүн бөгөт салуу, номурду ыкчам калыбына келтирүү, абоненттик тейлөө мөөнөтүн сактоо, кошумча бонустар, кошулган кызматтар жана опциялар, кийин төлөнүүчү роуминг жана башка кызматтар.

Толук маалыматты *400 номуру боюнча алууга болот (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз).
 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы