Перейти на новый сайт

MegaCom «Чексиз Интернетке» болгон кошулуу төлөмүн жокко чыгарды

MegaCom «Чексиз Интернетке» болгон кошулуу төлөмүн жокко чыгарды

MegaCom чектелбеген сунуштар түркүмүн мыктылоону улантуу менен мобилдик интернеттин пайдалануучулары үчүн мындан да ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды түзүп келет. 2015-жылдын 8-июлунан тарта, оператор «Чексиз Интернет» жана «Чексиз Интернет 200» тарифтик опцияларына болгон кошулуу төлөмүн жокко чыгарды (буга чейин кошулуу төлөмү 15 сомду түзгөн).

Эми MegaCom абоненттери «Чексиз Интернет» опциясына акысыз кошулуп, эң жогорку ылдамдыктагы интернеттин 100 мегабайтына ээ болушат. Суткадагы трафик-чегине жеткен учурда интернеттин ылдамдыгы секундасына 128 Кбит-ке чейин чектелет. Күнүмдүк абоненттик төлөмү 20 сомду түзөт.

Жаңыланган «Чексиз Интернет 200» кызматы менен мобилдик интернеттин пайдалануучуларына эң жогорку ылдамдыктагы 200 мегабайт берилет. Каралган трафик-чегинен ашкан учурда ылдамдык секундасына 192 Кбит-ке чейин чектелет. Аталган опцияга кошулуу да акысыз. Күнүмдүк абоненттик төлөмү 30 сомду түзөт.

Интернет-опциялар тууралуу маалыматты www.megacom.kg сайтынан алууга болот.

MegaCom – ишенимдүү жана ыкчам мобилдик интернет дайым сиз менен!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы