Перейти на новый сайт
Кыргызстанда MegaComдун колдоосу менен К.Юдахиндин уникалдуу сөздүгү кайрадан жарык көрдү.

Кыргызстанда MegaComдун колдоосу менен К.Юдахиндин уникалдуу сөздүгү кайрадан жарык көрдү.

MegaCom ири мобилдик оператору филология илимдеринин доктору, дасыккан түрколог-лексикограф, профессор Константин Юдахиндин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата, улуу тилчинин баалуу табериги болгон “Кыргызча-орусча”,”Орусча-кыргызча” сөздүктөрүнүн кайрадан басып чыгаруу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын демилгесин колдоп, демөөрчүлүк көмөк көрсөттү. Кыргыз тилинин пайдубалынын негизин түзгөн, түзүлгөнүнө жарым кылым болсо да көөнөрбөгөн бул сөздүктөргө кыргызстандыктардын суроо-талабы күндөн-күнгө артып келет.

«Кайрадан басып чыгаруу тууралуу ой көптөн бери көкүрөгүбүздү уялап келген. Мектеп окуучуларынан тарта, студенттерге жана профессорлорго чейин бул сөздүктөн пайдаланып келишет.Биздин демилгебизди MegaCom компаниясы колдоп, аталган сөздүктү 2 000 нускада кайрадан басып чыгарууга каржылык көмөк көрсөттү. Мекенибиздин уюлдук операторуна тыгыз кызматташтык алакасы, эне тилибизди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерибизди иш жүзүнө ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деп белгилей кетти КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында болуп өткөн салтанаттуу иш-чарага тилчи-лингвисттер, драматургдар жана жазуучулар, жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары катышып, сөздүктүн кайрадан жарык көргөнүн кубаттоо менен, буга чейин басылып чыккан сөздүктөрдүн саны азайып жана эскирип калгандыгын белгилеп жатышты. Эми кыргызстандыктар, кыргыз тилин үйрөнүп жаткан бардык жарандар 51 миң сөздү ичине камтыган сөздүктөн пайдалана алышат.

Кайрадан басылып чыккан сөздүктөр китеп дүкөндөрүндө сатыкка чыгарылбайт.Бардык китептер өлкө боюнча китепканаларга жана окуу жайларга таратылып берилет.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы