Перейти на новый сайт
Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу Дарья Маслова: «Ийгилик сыры – эмгекчилдик!»

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу Дарья Маслова: «Ийгилик сыры – эмгекчилдик!»

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен уюлдук оператордун ортосундагы кызматташтык алкагында, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Олимпиадалык оюндарга катышууга талапкер болгон дзюдочу Юрий Краковецкий, жөө күлүк Юлия Андреева, эркин күрөш боюнча таанымал болгон Самат Надырбек уулу менен болгон маектерин жарыялаган эле. Анда эмесе, эл аралык мелдештердин катышуучусу, бир катар сыйлыктардын ээси, орто жана узак аралыкка чуркоо боюнча чебер спортчу Дарья Маслова менен болгон кызыктуу маекке көңүл бурсак.

 

Дарья, чоң спорт дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз?
Кесипкөй машыктыруучуга туш келип калдым. Тайпалаш кызымдын машыгуу тууралуу сунушуна дароо макул болуп, 10- класстан тарта өзүм үчүн эле чуркап жүрдүм. Мелдештер болгон учурда гана машыктыруучум Александр Мох мага телефон чалып, мен Бишкекке келип турдум. Андан соң Академиядан билим алууну сунушташты, мен макул болдум.Тайпалаш кызымдын сунушу менен Борисовдордон машыга баштадым. Алар тууралуу мурда кабардар болчумун. Олимпиада оюндарында күмүш байгенин ээси Сатымкул Жуманазаров, Азия оюндарын утуп алган Богачева, Борисова, Ефименко сыяктуу мыкты спортчуларыбыздын ысымдары менин жан дүйнөмө жакын. 
Азыр менин эки машыктыруучум бар, алар Борисовдордун үй-бүлөсү Татьяна Викторовна жана Виктор Федорович.

“Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, туулган жериңиз тууралуу айта кетсеңиз?
Мен Ысык-Көлдүн Пржевальск-Пристань кыштагында туулгам. Бишкекке келип, Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия академиясынын жеңил атлетика кафедра башчысы Татьяна Шевченконун чакыруусу менен өзум тандаган багыт боюнча билим ала баштадым.

Спортто эмнени негизги деп ойлойсуз?
Бардык эле иште ийгиликтин 99 пайызын эмгекчилдигиң, ал эми 1 пайызын ата-энең аркылуу берилген шыгың түзөт. Мен шыктуумун деп жүрө берүүдөн эч майнап чыкпайт. Талыкпай эмгектенүү жана кыйынчылыкты жеңе билүү менен гана ийгилик чыйырына из саласың. Мен эмгекти сүйөм жана максатка умтула алам.

Машыгууга канча убакыт сарптайсыз?
Бишкекте болгон кезде күнүнө эки жолу машыгам, машыгуу жыйындарына чыккан кезде күнүнө 3 жолудан машыгууга туура келет. Кээде болсо 1 күн эс алабыз, ал күнүбүз деле чуркоо менен өтөт, бирок анчалык күчтөнбөгөндүктөн бул күндү эс алуу катары эсептейбиз.

Пландарыңыз тууралуу айтсаңыз?
Өзүмдүн чыныгы максатыма жете элекмин деп дароо эле айта алам. Менин максатым– Олимпиадалык оюндарга катышуу, бул биринчиси. Экинчиси – өзүмдү өзүм камсыздоо, турак -жай, унаа сатып алуу жана өзүмдүн чакан ишимди ачуу.

Убактыңыздын басымдуу бөлүгүн машыгууга сарптасаңыз, алдыга койгон максаттарыңызды кантип ишке ашырам деп ойлойсуз?
Бардыгы реалдуу, көптөгөн мисалдарды келтире алам. Менин машыктыруучумду эле алалы. Бардыгына өз күчү менен жетишкен. Мага психологиялык жактан жардам берет, кандай жагдайда болбосун баалуу кеп-кеңештерин айтып турат. Бул спорттон тышкаркы учурларда маанилүү. Күнүнө канча жолу машыксам да менде коркуу сезими жок.

Жеңишиңиз кимге арналмакчы?
Машыктыруучума жана мекениме арнай турганым шексиз. Биз кыргыз элибиздин байрагын көккө желбиреткенге аракеттенебиз да.

Маалымдама: Дарья Маслова – Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери.

2014 – 6-орун. Кросс-кантри боюнча Азиянын жаштар чемпионаты(Япония)
2014 – алтын. 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндарынын коло байгесинин ээси С.Жуманазаров атындагы эл аралык мелдеш (Кыргызстан) 
2014 –3 жана 5 миң метрге чуркоодо ээ болгон 2 алтын медал. Өспүрүмдөр Азия Чемпионаты (Тайвань)

5миң метрге чуркоо боюнча республиканын юниордук рекорду
2014 – Юниорлор арасындагы Дүйнө чемпионаты (АКШ)
2014 – Азия оюндары (Түндүк Корея)

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы