Перейти на новый сайт
MegaCom: номуруңду каттоодон өткөрүүнүн 9 себеби

MegaCom: номуруңду каттоодон өткөрүүнүн 9 себеби

MegaCom абоненттерди өз SIM-карталарын каттоодон өткөрүүгө чакырат жана 2015-жылдын 8-августуна чейин номурун каттоодон өткөрбөгөн абоненттердин номурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы№ 97 токтому менен бекитилген “Жылуучу радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү тууралуу” Токтомуна жана уюлдук операторлордун лицензиялык милдеттенмелерине ылайык өчүрүлө тургандыгын эскертет.

SIM-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүнүн бир катар артыкчылыктарга бар:

  • Чалуулардын деталдоосун алуу
  • Мобилдик алдамчылыктан сактануу
  • Абоненттин кызматтан пайдаланган жылдарынын, бонустардын, кошулган кызматтардын сакталышы
  • SIM-карта жоголуп кеткен учурда номурду сактап калуу үчүн SIM-картаны бөгөттөө
  • «Экинчи дем» кызматы боюнча жогорку өлчөмдөгү насыя алуу
  • Кийин төлөнүүчү роумингди кошуу
  • Номурду ыкчам калыбына келтирүү
  • Тейленген мөөнөтүнөн көзкарандысыз «Мобилдик которуу» кызматынан пайдалануу
  • Идентификациялоодон өтүүнүн жеңилдиги, жашырын сөздү жана аты-жөнүн гана айтуу

Номурду компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборунан же Фирмалык салонунан акысыз каттоодон өткөрүүгө болот. Бул үчүн жарандыгын тастыктаган документин: паспортун, айдоочулук күбөлүгүн,аскер билетин же бааргер күбөлүгүн жанына алып алуу жетиштүү. Келишим түзүлгөндүгүн текшерүү үчүн *112#буйруусун териңиз

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы