Перейти на новый сайт
MegaCom «Жашыл кеңсе» долбоорун ишке ашырып келет

MegaCom «Жашыл кеңсе» долбоорун ишке ашырып келет

MegaCom компаниясы Курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт жана «Жашыл кеңсе» ички корпоративдик долбоорунун жыйынтыгы тууралуу маалымдайт.

Жараксыз кагаздарды чогултуу акциясы өткөн жылы жайында башталган эле. Компаниянын Бишкек шаары боюнча жайгашкан алты кеңсесинде сыйымдуулугу 40 килограммга чейин болгон экобокс-кутулар коюлуп, кызматкерлер аларга жараксыз кеңсе кагаздарын, эски журналдарды, китептерди, гезиттерди салып, баалуулугу болбогон кагаздардан арылып жатышты.

Экологиялык акция аракетте болгон 11 ай ичинде уюлдук оператордун кызматкерлери тарабынан жарым тоннадан ашык -565,7 кг жараксыз кагаз чогултулган, бул көрсөткүч 14 бакты кыюудан сактап калуу менен барабар! Чогулган кагаздар кайрадан иштетилет.

“Жашыл кеңсе" долбоору компания ичиндеги экологиялык маданиятты өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Компаниянын бардык бизнес-процесстери электрондук документ жүргүзүү аркылуу ишке ашырылып келет.Жамаат үчүн атайын велосипед токтотуучу жай жабдылган, электр кубатын үнөмдөөгө жана ресурстарына аяр мамиле жасоого өзгөчө көңүл бурулат.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы