Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик Интернети болгону 0,5 сомдон

MegaCom мобилдик Интернети болгону 0,5 сомдон

MegaCom «Мыкты» тарифтик планынын алкагында наркы болгону 50 тыйындан болгон бирдей баадагы мобилдик Интернетти, түйүн ичиндеги чалууларды жана SMSтерди сунуштайт.

Бүгүнкү күндө маалымат алмашууну шарттаган кызматтардан пайдаланып жаткан колдонуучулардын саны көбөйүп жана сарпталып жаткан мобилдик интернеттин трафигинин көлөмү өсүүдө. Ушундай шартта абоненттер көңүлүнө төп келген кызматтарга муктаж. «Мыкты» тарифтик планын тандаган абоненттерибиздин санынын күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы аталган тарифтин абдан ыңгайлуу экендигинен кабар берет. Эми интернет-колдонуучулар сүйүктүү сайттарына ыңгайлуу баада саякат жасай алышат.

«Мыкты» тарифи бул:

  • Бирдей жана ыңгайлуу баа – 1 мегабайт, түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMSтер болгону 0,5 сомдон;
  • Абоненттик төлөмсүз.

Көрсөтүлгөн тарифтөө балансты 100сомго же андан ашык суммага толуктаган учурда 10 күндүк мөөнөткө берилет. Өтүү үчүн *303*38*1# чакыруу кыска буйруусун терүү керек (өтүү наркы 60 сом). «Мыкты» тарифинин баштапкы топтомун «Мегаком» компаниясынын каалаган фирмалык салонунан же Сатуу жана тейлөө борборлорунун биринен сатып алууга болот. Тариф тууралуу толук маалымат megacom.kg сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы