Перейти на новый сайт

MegaCom: 3,75G кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн чыйыры

MegaCom: 3,75G кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн чыйыры

MegaCom компаниясы тарабынан өлкөбүздүн ири шаарларын жана алыскы аймактарын байланыш тармагы менен каптоонун сапаты жогорулап, 3,75G түйүнүн оптималдоо жана байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылып келет.

Мындай аракеттер текке кеткен жок. Борбор шаарыбыздагы калктын саны суюлбай, дайыма жандуу болуп турган «Дордой» базары жайгашкан аймактагы сигналдын сапатынын жакшыргандыгы байкалды. Мындан тышкары, жайкы сезонду утурлай, көл кылаасындагы байланыш сапатына да өзгөчө көңүл бурулуп, каптоо аймагы кеңейди.

Компаниянын техникалык адистери алыскы калктуу конуштарды да көз жаздымда калтырбай келишет. Бул жолу Баткен облусунун Дархум айылынын тургундары MegaCom мобилдик байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

MegaCom абоненттери каптоо аймагы тууралуу толук маалыматка 3G каптоо аймагынын жана филиалдык түйүнүнүн интерактивдүү картасы аркылуу онлайн режимде ээ болушат. Бул жерде компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондорунун так даректери тууралуу маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. MegaCom байланышы мекенибиздин калк жайгашкан аймагынын 98 пайызын камтып, уюлдук оператор 3 миллиондон ашуун абонентти байланыш менен камсыздап келет.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы