Перейти на новый сайт

MegaCom Балдарды коргоо күнү менен куттуктайт

MegaCom Балдарды коргоо күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы Кыргызстандын келечеги болгон жаш жеткинчектерди жана алардын ата-энелерин Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайт жана атайын иштелип чыккан «Үй-бүлөлүк» кызматтар топтомун сунуштайт. Топтом үй-бүлө мүчөлөрү үчүн абдан ыңгайлуу болгон төмөндөгүдөй кызматтарды өз ичине камтыйт:

- "Балдар кайда?" - жакындарыңыздын кайда жүргөнүн билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт;

- "Жакын адамдар" -өз эсебинен чалуу аткарып, жакын адамдарды колдоо, бул тизмеге 10го жакын үй-бүлө мүчөсүн киргизүүгө болот;

- "Балдар үчүн интернет" -абонент-балдардын жаш курагына ылайык келген билим берүүчүлүк , спорттук , илимий-техникалык мүнөздөгү сайттарга гана кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, ата-энелери балдарынын Интернет түйүнүндөгү коопсуздугун көзөмөлдөй алышат.

- Зарыл болгон учурда жакындарыңа жардам берүүнү шарттаган кызматтар түркүмүнө "Жакындарыңыздын балансы" , "Мобилдик которуу", «Автотөлөм, «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо» сыяктуу кызматтарды кошууга болот.

Мындан тышкары, ата мекендик мобилдик оператор Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектеп окуучуларынын мобилдик сабаттуулугун жогорулатууга өз салымын кошуп келет. Компания тарабынан атайын кичинекей көрүүчүлөр үчүн «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» мультипликациялык тасмасы тартылган. Аталган мультсериалды компаниянын сайтынан же YouTube ресурсунда #megacom #мультфильм негизги сөздөрүн терүү аркылуу көрүүгө болот.

Өзгөчө аяр мамилеге муктаж болгон балдарга кам көрүү MegaCom операторунун социалдык ишмердүүлүгүнүн маанилүү бир бөлүгү. Компания «MegaCom балдарга» узак мөөнөттүү долбоорунун алкагында, өлкө ичиндеги колдоого алынган балдар мекемелерине, алардын ичинде балдардын атайын мекемелерине жыл сайын даректүү жардам көрсөтүп келет. Үстүбүздөгү жылы Каракол шаарындагы аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кошумча топтолгон акча каражатына Ак-Суу балдар үйүнө кеңсе буюмдары, кийим-кечелер жана оюнчуктар алынып берилди.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы