Перейти на новый сайт

Айсулуу Тыныбекова: “Мен жасай алам, менин колумдан келет!”

Айсулуу Тыныбекова: “Мен жасай алам, менин колумдан келет!”

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети менен уюлдук оператордун ортосундагы кызматташтык алкагында, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлө турган Олимпиадалык оюндарга катышуучулары менен тааныштырууну улантып келет. Бүгүнкү биздин мейманыбыз Айсулуу Тыныбекова - кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 10 күчтүү спортчу айымдын катарын толуктайт.

 

Айсулуу, айтсаңыз, кайсы убактан тарта спорт менен машыга баштадыңыз? 
Мен Нарын облусунун Теңдик айылында туулгам. Мектепте окуп жүргөн учурда спорттун ар кандай түрлөрүнө катышып жүрчүмүн. Жаңы кружок ачылганын угарым менен барып жазылып алчумун. Футболго, баскетболго, каратеге кызыкчумун. Аялдар эркин күрөшү тууралуу 10- класста окуп жатканда билдим. Көпкө ойлонбостон ага да жазылып алдым.Спорттун бул түрүнө өзгөчө маани бере баштагандан кийин, ата-энем менен кеңешип туруп Бишкек шаарына жол тарттым. Спорт жаатында ийгиликтерге жетиш үчүн бул багытта спорттук көндүмдөрүмдү жогорулатышым керек болчу. 2009-жылы Кыргызстандын курамасына кирдим.

Борбор шаарыбызда ийгиликке жетүү оңойго турбаган чыгар? 
Мен эркин күрөш менен машыгууну улантуу үчүн Бишкекке абдан жаш кезимде-10-классты аяктагандан кийин эле келдим. Кыйынчылыктар болбой койгон жок, ата-энемди, үйүмдү сагынып жаттым. Бирок жалгыздыгыма, куса болгонума карабастан күн сайын машыга бердим. Тынымсыз аракеттерим гана күчтүү болууга жардам берди.

Сиздин оюңузча канча жаштан баштап спорт менен машыга баштаса болот? 
Албетте, канчалык эрте баштасаң ошончо жакшы. Бирок, айрым учурда жетилген курактагы адамдар ойго келбей турган жыйынтыктарды көрсөтүп коюшат. Өз күчүнө ишенүү, алдына койгон максатына жете билүү сыяктуу сапаттар абдан маанилүү.

Жаңыдан спорт дүйнөсүнө чыйыр сала баштаган спортчуларга кандай кеңеш бермекчисиз? 
Эң башкысы-өзүнө ишене билүү. «Менин колумдан келет, мен жасай алам», -деген ички туюм болуш керек. Спортту тандаган соң, артка жол жок.

2016-жылкы Олимпиадада жеңишке жетишсеңиз, жеңишиңиз ким үчүн болмокчу? 
Өлкө намысын коргоп, мекенимдин байрагын желбиретип жаткандан кийин жеңишимди Кыргызстаныма, мекенибизге, мекендештериме, өз машыктыруучума жана ата-энеме арнамакчымын.

 

Маалымат: Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери. Айсулуу Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында алгачкы болуп Олимпиадалык оюндарга лицензия утуп алган. Бул учурда ал болгону 19 жашта эле. UWW расмий сайтынын маалыматтарына таянсак, Айсулуу Тыныбекова 2015-жылдын март айына карата 58 кг чейинки салмак категориясындагы алдыңкы 10 күрөшчүнүн катарын толуктайт.

2015 – күмүш. «Иван Ярыгин» Гран-при сериясындагы күрөш боюнча Красноярскиде өткөн эл аралык турнир (Орусия)
2014 – алтын. Билл Фаррелл атындагы эл аралык турнир (Нью-Йорк)
2014 – коло. Инчхондогу Азия оюндары (Корея)
2014 – күмүш. Гран-при сериясындагы эл аралык турнир (Германия) 
2014 –күмүш. Азия Чемпионаты (Казакстан)
2014 – коло. Париждеги Гран-при сериясындагы турнир (Франция)
2013 – коло. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө Чемпионаты (Болгария)
2013 – коло. Казандагы универсиада (Орусия)
2013 – алтын. Пхукеттеги өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты (Тайланд)
2013 – коло. Нью-Делидеги күрөш боюнча Азия чемпионаты (Индия)
2013 – коло. Аялдар күрөшү боюнча Klippan Lady Open-2013 эл аралык турнири (Швеция)
2012 – 13 орун. Жайкы Олимпиадалык оюндар (Лондон)
2012 – коло. Испаниянын ачык чемпионаты
2012 – күмүш. Гран-при сериясындагы лицензиялык турнир(Астана)
2010 – 5-орун. Гуанжчоудогу Азия оюндары (Кытай)
2010 – коло. Бангкокто өткөн кадеттер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты (Таиланд). 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы