Перейти на новый сайт

MegaCom эскертет: Мобилдик шылуундардан абайлаңыз.

MegaCom эскертет: Мобилдик шылуундардан абайлаңыз.

“Сактансаң сактаймын” демекчи, MegaCom компаниясы мобилдик алдамчылыктын өтө кеңири жайылып жаткандыгы тууралуу эскертет. Шылуундар байланыш операторлорунун абоненттеринин эсебинен мыйзамсыз жол менен каражат табуунун жаңы жолдорун издеп келишет. Тилекке каршы, алдамчылардын торуна түшкөн ишенчээк адамдардын саны азайбай келет.

Адатта, шылуундар абоненттердин ишеничине кирип, утуш оюндары жана акциялар, чет өлкөлөрдөн почта аркылуу келген буюмдар үчүн жана башка ар түрдүү себептер менен акча каражаттарын которууну талап кылышат. Жакын адамдарыңыз кабылган капилет жагдайлар тууралуу маалымдашат жана ишендирүүгө болгон күч-аракеттерин жумшашат.

Мобилдик алдамчылардын курмандыгы болуп калбоо үчүн:

  • Ар бир маалыматты текшерүүдөн өткөрүп, бейтааныш адамдарга акча каражаттарын которбоңуз. Алгач тактоо үчүн жакындарыңызга чалыңыз;
  • Ал эми утуштар боюнча айтылгандардын чын-төгүнүн компаниянын расмий булактарынан тактап алыңыз. *500 номуру же www.megacom.kg сайты аркылуу мобилдик оператор тарабынан өткөрүлүп жаткан аракеттеги Акциялар жана конкурстар тууралуу ар дайым так маалымат алууга болот;
  • Шилтемелери бар шектүү билдирүүлөрдү этибарга албаңыз.

MegaCom тактайт: компания уюлдук тармагын, кызматтарын, жаңы тарифтерин тестирлөөнү өз алдынча жүргүзүп келет жана абоненттерине мобилдик телефонуңуздун клавиатурасынан кайсы бир буйрууларды терүү менен тестирлөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылбайт. Уюлдук оператор, шектүү жагдайларда, токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кайрылууну жана кыраакы болууну суранат. Толугураак маалымат менен "Абоненттин коопсуздугу" бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы