Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттери SIM-карталарды каттоонун артыкчылыктары жөнүндө

MegaCom абоненттери SIM-карталарды каттоонун артыкчылыктары жөнүндө

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда мобилдик телефондорундагы өзүнүн номурларын каттоодон өткөрүүнү каалаган абоненттердин саны арбын жана күн санап өсүүдө. КР Өкмөтүнүн “Кыймылдуу радио телефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык 2015-жылдын 8-августуна чейин бардык байланыш операторлордун номурларын каттоодон өткөрүү зарыл болгондугу буга себеп десек жаңылышпайбыз. Аталган мөөнөткө чейин каттоодон өтпөгөн номурлар өчүрүлөт.

- Менимче, номурду каттоодон өткөрүү керек. Маселен, жакында уулум телефонун жоготкон. Номур мурда каттоодон өткөрүлгөндүктөн номурду оңой эле калыбына келтирүү мүмкүн болгон. Бул абдан ыңгайлуу, ошол себептен бүгүн өзүмдүн SIM-картамды да каттоодон өткөрүүгө келгем, - деп белгилеп өттү Бишкек шаарынын тургуну Елена Толстунова.

- Мага номурду каттоодон өткөрүү зарыл экендиги тууралуу билдирүү келген. Бул жерден номурду каттоодон өткөрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө айтып беришти. Мисалы, өзүмдүн каалоом боюнча чалуулардын деталдоосун алдым. Мобилдик байланышка болгон чыгашаларды көзөмөлдөөнү шарттайт экен, бул болсо абдан ыңгайлуу, - деп пикир бөлүштү MegaCom компаниясынын абоненти Темирбек Кожобаев.

- Номурду каттоодон өткөргөндөн кийин, биз буга чейин катталбаган номурларга кошууга мүмкүн эмес болгон кызматтарды кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз көп саякат жасайбыз, ошол себептен Эл аралык роуминг кызматын кошуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө кубандырды. Эми биз дүйнөнүн булуң бурчунда да жакындарыбыз менен дайым байланышта болобуз”, - деди компаниянын башка абоненти Мирлан Казаков.

Мындан тышкары, персонификациядан өтүүнүн башка артыкчылыктары тууралуу мобилдик оператордун адистери бөлүшүштү: мобилдик алдамчылыктан коргонуу, номур жоготулган учурда сактап калуу үчүн SIM-картага бөгөт салуу, “Экинчи дем” кызматы боюнча насыянын эң жогорку өлчөмүн алуу, тейлөө мөөнөтүнөн көз карандысыз “Мобилдик которуу” аткаруу мүмкүнчүлүгү жана жеңилдетилген идентификация тартиби (жашыруун сөздү жана абоненттин аты-жөнүн айтуу аркылуу).

Эсиңиздерге салабыз! Номурларды каттоо тартиби акысыз көрсөтүлөт. Номурду каттоо үчүн төлөм талап кылынган учурлар шылуундардын мыйзамсыз болгон алдамчылык иш аракеттери. Сак болуңуз!

SIM-картаны каттоодон өткөрүү үчүн *112# акысыз буйруусун терүү аркылуу өзүңүздүн SIM–картаңыздын абалын билүү зарыл. Эгерде номур каттоодон өтпөгөн болсо, MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна же
Фирмалык салонуна кайрылып, байланыш оператору менен келишим түзүү зарыл. Кайрылуу маалында жаныңызда инсандыгын ырастаган документтин болушу зарыл. Толук маалыматты компаниянын сайтынан алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы