Перейти на новый сайт

MegaCom : Келечектеги Жарнама жана PR адистерине устаттык сабактар

MegaCom : Келечектеги Жарнама жана PR адистерине устаттык сабактар

«Коомчулук менен байланыш» бүгүнкү күндүн талабына жооп берген адистиктердин бири. Жаркын келечектин пайдубалы өз ишин мыкты билген жаштар аркылуу түптөлө тургандыгына өзгөчө маани берген MegaCom билим берүү багытындагы долбоорлорго катышып, иш-чараларды байма-бай өткөрүп келет. Сөзүбүзгө аралжы, MegaCom компаниясынын Жарнама жана PR департаментинин кесипкөй адистери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жарнама жана коомчулук менен байланыш бөлүмүндө билим алып жаткан 1-курстун 30дан ашуун студентине компаниянын башкы кеңсесинде кызыктуу саякат уюштуруп беришти.

Келген меймандар аталган депатаменттин ишмерүүлүгү менен жакындан таанышып, тандаган кесиби боюнча кызыктырган суроолоруна жоопторду, маркетингдик, антикризистик PR-технологиялар боюнча баалуу, практикалык кеп-кеңештерди алышты.
-

Студенттер ири телекоммуникациялык компаниянын иши менен жакындан таанышып, анын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу сереп сала алышты. Компания жаш жана перспективдүү адистерге кызыкдар. Офлайн жолугушуулар – келечектеги кесиптештериңдин жумуш боюнча пикирлерине ортоктош болуунун мыкты өбөлгөсү. Ары татаал, ары кызыктуу кесиптин сырлары менен бөлүштүк. Мындай мүнөздөгү жолугушууларды өткөрө бермекчибиз, - деп белгилей кетти компаниянын Жарнама жана PR Департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Жолугушуу соңунда келечектеги жарнама жана PR адистери өлкөдөгү эң ири контакт-борбор менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ийгилик башаты -билим алууда демекчи, окуу жайды аяктагандан кийин мекенибиздин алдыңкы уюлдук компаниясында өз кесиптик ишмердигине чыйыр салууга ишеничтерин билдирип жатышты. Жыйынтыгында, студенттер компаниядан алган таасирлери тууралуу баяндама жазышып, алардын мыктылары университеттин сайтында жарыяланмакчы.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы