Мини-футбол боюнча MegaCom курама командасынын кезектеги жеңиши!
MegaCom компаниясынын Бишкек шаарындагы тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери « Вефа СБ Кубогу» үчүн ижарачылар менен Вефа соода борборунун кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн футболдук беттеште 2-орунга татыктуу болушту. Түрнир 2015-жылдын 10-майында өткөрүлүп, 12 команда катышты. Турнирдин топтук этабын жигердүү баштаган MegaCom командасы (СТБ) биринчи беттеште күзөт кызматкерлерин 4:0 эсебинде ишенимдүүлүк менен утуп алышса, Nuri Usta командасы менен болгон экинчи чечүүчү беттешүү 1:1 эсебинде аяктап, оюнчуларыбыз чейрек финалга чыгышты. Чейрек финалда мегакомчулар 4:0 эсебинде «Автомойка»командасынын оюнчуларын артка таштап, жеңишке жетишти.
Жарым финалда О! ( «НУР Телеком» ЖЧК ) жана MegaCom ( «Альфа Телеком» ЖАК) командалары беттешти. Бул таймаш чечүүчү беттешүү болду десек жаңылбайбыз. MegaCom курамасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишип, финалга чыкты. Финалдык беттештин «Вефа СБнын администрациясы» менен болгон оюндун жыйынтыгы 0:1 эсебинде болуп, футболчуларыбыз күмүш байгенин ээси болушту. Команданын намысын колдон алдырбаган кесиптештерибиздин ысымдарын атай кетсек:
- Асылбеков Аман – вратарь (Победитель в номинации «Лучший Вратарь Турнира»)
- Сүйөров Манас – коргоочу
- Айтмамат уулу Болотбек – коргоочу
- Маратов Азиз – коргоочу
- Менишов Мирлан - коргоочу
- Бакир уулу Бакай – жарым коргоочу
- Калиев Канат – жарым коргоочу
- Эрмекбаев Жыргалбек – жарым коргоочу
- Оморов Азиз – чабуулчу
- Барпиев Мирлан – чабуулчу
MegaCom компаниясынын жамааты өз кесиптештерин турнирде жетишкен ийгилиги менен куттуктайт. Компаниянын Бишкек шаарындагы мини-футбол боюнча СТБ командасы өз кезегинде жеңишке жетишүүгө дем берген күйөрмандарына ыраазычылык билдирет.