Перейти на новый сайт

MegaCom жаңы фирмалык салону Масы айылында

MegaCom жаңы фирмалык салону Масы айылында

MegaCom компаниясы, өз абоненттеринин ыңгайлуугу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында, өзгөчө алыскы калктуу конуштарда филиалдык түйүнүн кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Сөзүбүзгө аралжы, бул жолу Жалал-Абад облусунун Масы айылында компаниянын кезектеги жаңы фирмалык салону ачылган.

Масы кыштагындагы жаңы фирмалык салонунун ачылышы менен жергиликтүү абоненттер үчүн алыс жолго чыкпастан, уюлдук оператор сунуштаган кызматтардын түркүмү менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү ачылат. Жаңы фирмалык салонунан тарифтик планды же номурду алмаштырууга, комиссиясыз балансты толуктоого, кошумча жана заманбап байланыш кызматтарын кошууга жана пайдаланууга болот.

Адаттагыдай жаңы фирмалык салондун ачылышына карата атайын акция өткөрүлмөкчү – 2015 жылдын 30-мартынан 13-апрелине чейин жаңы фирмалык салондон балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган абоненттер автоматтык түрдө акцияга катышып, түйүн ичинде акысыз баарлашуу үчүн белекке 50 SMS 10 күнгө ала алышат. Балансты кайрадан 50 сом же андан ашык суммага толуктаган сайын бонустун аракет мөөнөтү 10 күнгө узартылат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

MegaCom жаңы фирмалык салону өз абоненттерин Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Масы айылы, Р. Шерматов көч.,5 (автобекеттин жанында) дареги боюнча 09:00дөн 18:00гө чейин күтөт. Тыныгуу убактысы 12:30дан 13:30га чейин, дем алыш күнү – жекшемби.

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондорунун толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтындагы Кошулуу жана төлөм бөлүгүндө жана Филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү картасынан таанышууга болот.
 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы