Перейти на новый сайт
MegaCom BlackBerry мобилдик аппараттарынын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

MegaCom BlackBerry мобилдик аппараттарынын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

BlackBerry мобилдик аппараттары менен пайдаланган MegaCom абоненттери үчүн Service Book конфигурациялык файлдары иштелип чыкты. Жаңы файлдардын жардамы менен интернетке кирүүгө жана MMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп жана кабыл алып турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

BlackBerry мобилдик аппараттары үчүн ыңгайлаштырылган мындай функциялар операциялык системасынын түзүлүшү боюнча бир катар өзгөчөлүктөргө ээ, ошондуктан бул түзмөктөрдүн пайдалануучуларынан белгиленген Service Book файлдарын орнотуу талап кылынат.

Абоненттердин мүдөөлөрүнө жана көп сандаган билдирмелерине ылайык, MegaCom компаниясынын адистери Service Book файлдарын иштеп чыгышкан. Эми, BlackBerry түзмөгүн пайдалануучулар төмөндөгү ыңгайлуулуктардан пайдалана алышат:

  • мобилдик интернетти ыкчам кошуу;
  • орнотулган браузер аркылуу телефондун жардамы менен Интернетте иштөө;
  • электрондук почта менен пайдалануу;
  • MMS-билдирүүлөр менен бирге келген тиркемелерди жана сүрөттөрдү көрүү;

Жүктөө: (1 Kb)

Эскертүү: Service Book файлын киргизүүдө, мобилдик аппаратыңыздын нускамасын жетекчиликке алыңыз.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы