Перейти на новый сайт

MegaCom : ”Көп түкүрсө көл болот” демекчи, компания SIM-карталарды жер-жерлерде каттоо үчүн көчмө мобилдик топторду түзүүдө

MegaCom : ”Көп түкүрсө көл болот” демекчи, компания SIM-карталарды жер-жерлерде каттоо үчүн көчмө мобилдик топторду түзүүдө

MegaCom компаниясы маалымдагандай, эми SIM-карталарды каттоодон өткөрүү мурдагыдан да оңой болуп калды! Абоненттерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү башкы милдети катары эсептеген кардар таламдуу компания Кыргызстандын бардык аймактарында көчмө мобилдик топторду түзүү менен, абоненттердин SIM-карталарын жер-жерлерде акысыз каттоодо.

Абоненттерибиз байланыш операторлору менен келишим түзүү үчүн Сатуу жана тейлөө борборлоруна же Фирмалык салондоруна эле кайрылып келген болсо, эми көчмө топтун өкүлдөрү жер-жерлерге келе башташты. Көчмө топ келе турган күнү жергиликтүү абоненттерге жумушчу топтун келе турган убактысын жана каттоо өткөрүлүүчү жердин дарегин көрсөткөн SMS-билдирүү келет. Компаниянын кызматкерлеринин жанында күбөлүктөрү жана фирмалык таанытмалары сөзсүз болушу керек. SIM –карталарды каттоо акысыз жүргүзүлө тургандыгын дагы бир ирет баса белгилей кетели. Каттоо үчүн акы талап кылган учурлар мыйзам бузууга жатат.

Айтмакчы, SIM-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү номурду мыйзамсыз колдонуудан сактоо, эсептин таржымалын алуу, жоголгон SIM-картаны калыбына келтирүү, келишимдик формада тейленген абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошуу сыяктуу бир катар артыкчылыктарга ээ. Келишимдин буга чейин түзүлгөндүгүн же түзүлбөгөндүгүн текшерүү үчүн *112# буйруусун териңиз.

Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, мобилдик телефондордун номурларын 2015-жылдын 8-мартына чейин каттоодон өткөрүү абзел. Ушул убакыттын ичинде каттоодон өткөрүлбөгөн номурлар өчүрүлөт.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    «Мобильный офис»