Перейти на новый сайт

MegaCom мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүүнү улантууда

MegaCom мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүүнү улантууда

MegaCom компаниясы, «Мобилдик сабаттуулук сабактары» алгылыктуу корпоративдик-социалдык долбоорунун алкагында калкыбыз үчүн мобилдик телефондон пайдалануу, уюлдук байланыштын иштөө принциптери жана мобилдик алдамчылыктан коргонуу сабактарын үзгүлтүксүз өткөрүп келет.

Кыргыз жана орус тилиндеги, 3D графикасынын элементтерин камтыган, 10 сериядан турган «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» аттуу алгачкы ата-мекендик мультфильмдин тартылганы, аталган долбоордун ийгиликтүү улантылышы десек жаңылышпайбыз.

Бүгүнкү күндө, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын «Mega Билим» долбооруна катышкан орто мектептеринин окуучулары уюлдук байланыш дүйнөсү, мобилдик этикет жана коопсуз интернет жөнүндөгү мультфильмдин алгачкы көрүүчүлөрү болушту. Мындан тышкары, «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» Tech and Science Fest алгачкы илим жана технология фестивалында атайын жасалган планетарийдин ичинде көрсөтүлгөн. Мультсериал кичинекейлерге жагымдуу маанай жана унутулгус эмоцияларды тартуулаганы шексиз. Ал эми, мугалимдер жана ата-энелер анимациялык фильм окуучулар үчүн таанып билүү мүнөзүндөгү жеткиликтүү жана интерактивдүү маалымат булагы экенин белгилешкен.

Айтмакчы, «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» сүрөт тасмасынын бардык серияларын жана кыргыз, орус тилдериндеги «Мобилдик сабаттуулук сабактары» программасын компаниянын расмий сайтында жана орус тилинде YouTube, кыргыз тилинде super.kg белгилүү интернет-порталдарында көрүүгө жеткиликтүү. Демек, жагымдууну пайдалуу менен айкалаштырып, мультфильмди акысыз жүктөп алып, үй-бүлө ичинде жана мектепте же университетте курбулар менен көрүүгө болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы