Перейти на новый сайт
MegaCom телекоммуникация жөнүндөгү Кыргызстандагы биринчи мультфильмди көрсөттү

MegaCom телекоммуникация жөнүндөгү Кыргызстандагы биринчи мультфильмди көрсөттү

Жакын арада кыргызстандыктар республикалык телеканалдарда «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуяларына» күбө боло алышат. MegaCom компаниясы телекоммуникациялар, жаңы технологиялар, интернет жана мобилдик байланыш жөнүндө баяндаган мультсериалынын бетачарын расмий турдө өткөрдү.

Долбоорду иштеп чыккан, көркөм жетекчиси Сергей Кролевичтин айтымында, тасма өлкөдөгү 3D технологиясында тартылган алгачкы мультсериал. «Мультфильмди жаратууда өлкөбүздүн эң мыкты аниматорлору, сүрөтчүлөрү, сценаристтери, композиторлор жана психологдор тобу, жана да белгилүү үн коштоочулар катышкан. Анимациялык тасманы тартууда 5тен 12ге чейинки жаш курактагы балдардын көмөгү зор, алар каармандарды, алардын ысымдарын жана кийимдерин тандоого жардам берип жатышты», - деп белгилей кетти өз сөзүндө С.Кролевич.

Мультсериалдын бетачарына арналган пресс-конференцияга катышкан КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектепке чейинки билим берүү боюнча адиси Раиса Тойболотова, өз сөзүндө республикабыздын 143 мектебине 1000 компьютерди белек кылган MegaCom компаниясы менен болгон кызматташууга жогорку баасын берүү менен: «Мультфильмдин кыргыз жана орус тилиндеги бардык 10 сериясын көрүп чыгып, аймактык билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан жаш жеткинчектерибизге көрсөтүү үчүн аймактык бөлүмдөргө сунуштама каттарын даярдадык. Мультфильмдин өлкөбүздүн телеэкрандарында көрсөтүлүшүн чыдамсыздык менен күтөбүз», - деп кошумчалай кетти.

«Компания туруктуу өнүгүү боюнча Мамлекеттик улуттук программанын өнөктөшү катары, балдарды заманбап телекоммуникация дүйнөсү менен тааныштырууга багытталган бул мультфильмдин билим берүү функциясына да өзгөчө артыкчылык берет» - деген сөздөр менен жыйынтыктады өз сөзүн MegaCom компаниясынын жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Айтмакчы, мультфильмдин бетачары Бишкек шаарында, MegaCom компаниясынын демөөрчүлүгү менен уюштурулган Илим жана технологиялар фестивалында көрсөтүлгөн. Мультсериалды жакында КТРК телеканалында, аймактык телеканалдарында, namba.kg, blive.kg, youtube, ts.kg ресурстарынан жана компаниянын расмий сайтындагы Видео галереядан көрүүгө болот.

MegaCom – билим жана инновация үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы