Перейти на новый сайт

MegaCom: Номурларды персонификациялоо бир катар артыкчылыктарга ээ

MegaCom: Номурларды персонификациялоо бир катар артыкчылыктарга ээ

MegaCom SIM-картаны каттоодон өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу дагы бир жолу эсиңиздерге салат. Номурду каттоо каалаган Сатуу жана тейлөө борборунда же Фирмалык салонунда абоненттин жарандыгын тастыктаган документ аркылуу жүргүзүлүп, 2015-жылдын март айына чейин акысыз өткөрүлөт. Жылуучу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерине ылайык, өз байланыш оператору менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматтарын көрсөтүү токтотулат.

Персонификациялоонун артыкчылыктары:

  • Ишенимдүүлүк жана коопсуздук. Абоненттерди персонификациялоо аркылуу укук коргоо органдары мобилдик шылуундукка байланышкан мыйзамсыз аракеттердин алдын алат.
  • Өз номуру тууралуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгү. Жашыруундан келишимдик форматка өткөн абонент өз эсебинин толук таржымалын алат, жоголуп кеткен SIM-картасын ыкчам жана оңой эле калыбына келтире алат жана компания менен келишим түзгөн абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошо алат.

- MegaCom өз абоненттери үчүн персонификациялоодон өтүү процессин ыңгайлуу жана ыкчам жүргүзүүнү шарттаган иш-чараларды уюштурду. Бул беш мүнөттөн ашпаган убакытты алат, - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Компания өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы абоненттерин да көз жаздымда калтырган жок. Эми алар номурларын каттоодон өткөрүү үчүн облустун борборлоруна барбастан эле, жер-жерлерде ачылып жаткан сервистик боролордо компания менен келишим түзө алышат. Толук маалыматты *400 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз)номуру аркылуу алууга болот.

SIM-карталарды персонификациялоо – мобилдик коопсуздук жана ишенимдүүлүк!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы